Урматтуу кардардар, сиздер үчүн сонун жагымдуу жаӊылык бар. KyrSEFF программасы FINKA Банкы менен кызматташа баштады.
Эми энергия үнөмдүү чечимдер үчүн экокредитти FINKA Банкынын бөлүмдөрүнөн дагы тариздөөгө болот. 1-июлдан тартып биздин өнөктөштүк расмий башталды – Беловодск, Бишкек, Ысык-Көл, Нарын жана Баткенде кредит адистери үчүн алгачкы окуу тренингдери өткөрүлдү.
Бул үйлөрдү жылуулоо, күн панелдери, тамчылатып сугаруу тутуму сыяктуу жана башка жашыл технологияларды өлкө боюнча дагы көбүрөөк үй-бүлөлөрдө жана бизнес объектилерде колдонууга киргизүүгө карай маанилүү кадам.
Тренингден FINKA Банкынын адистери төмөнкүлөр алышты:
– KyrSEFF программасы жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук маалыматты
– Энергияга үнөмдүү долбоорлорду каржылоонун критерийлери жана шарттары
– Ийгиликтүү кардарлардын кейстери
– “Жашыл” кредиттерди талдоо жана коштоо боюнча практикалык тажрыйбаларды
– Суроолорго KyrSEFF экспертттеринен түз жоопторду алышты.
Биз экологиялык демилгелерге ачыктыгы жана биз менен бирге Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө умтулуусу үчүн FINKA Банкына ыраазылык билдиребиз.
Бул башталышы гана.
Алдыда – жаӊы долбоорлор, шыктандырган ийгилик баяндары жана чыныгы өзгөрүүлөр болот.
KyrSEFF жөнүндө көбүрөөк билгиӊидер келеби? Сиздерди Бишкекте. Сүйүмбаев көч. 181а дарегинде күтөбүз.
Дүйшөмбү-Жума, 08.00-17.00 ebrdgeff.com/kyrgyzstan +996 312 90 12 17 | 0777 901216 | 0557 901217
KyrSEFF – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) колдогон программа.