Программа KyrSEFF 26-сентябрда 2024-жылы Бишкекте өткөн «Курулуштагы натыйжалуулук жана Кыргызстандагы курулуш секторуна жаңы куралдарды киргизүү» темасындагы конференцияда сунушталды.
Иш-чаранын негизги темасы курулуш тармагына Building Information Modeling (BIM) жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү болду.
Негизги көңүл заманбап технологияларды киргизүү аркылуу курулуштагы натыйжалуулукту жогорулатууга жана чектелген ресурстар жана инфраструктуралык көйгөйлөр шарттарында колдонулушу мүмкүн болгон жаңы энергияны үнөмдөөчү жылытуу чечимдерин талкуулоого бурулду.
KyrSEFF/GEFF программасынын башкы инженери Салават Соронбаев энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү чечимдерге инвестицияларды колдоо үчүн KyrSEFF/GEFF программасынын негизги артыкчылыктары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле катышуучуларды турак жай жана бизнес секторундагы курулушта энергияны үнөмдөө боюнча долбоорлорго насыянын суммасынын 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдады.
Программаны ишке ашыруу учурунда энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сактоочу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча болжол менен 3700 долбоор каржыланды. Бул багыттагы иштер активдүү уланууда.
Мындан тышкары, LG Electronics өкүлдөрүн кошкондо спикерлер жылуулук насостору жана жылуулукту калыбына келтирүүчү VRF системалары сыяктуу энергияны үнөмдөөчү чечимдерди белгилешти.
Конференция КР Мамкурулуш, ЮНИСОН Групп жана Кыргызстандагы LG дистрибьютору PolyTechnologies колдоосу менен өттү.