Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) ОАО «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»ке Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика финансылоонун үчүнчү этабынын алкагында KyrSEFF III/GEFF программасы боюнча биринчи этапта 15 миллион АКШ долларына чейин насыя бөлүп берди.
Бул тууралуу Лондондо өткөн ЕБРРдин 34- жылдык акционерлер жыйынында белгилүү болду. Каражаттар микрофинансылык, чакан жана орто бизнестеги ишканаларга, ошондой эле жеке үй чарбаларына климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташууга, зыяндуу эмиссияларды азайтууга жана сууларды рационалдуу пайдаланууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каралган.
Программанын максаты — экологиялык демилгелерди колдоо жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу.
Каржылык колдоо KyrSEFF/GEFF платформасында жеткиликтүү Green Technology Selector базасына кирген энергияны үнөмдөөчү жабдуулардын өндүрүүчүлөрүнө жана жеткирүүчүлөрүнө да каралган.