enruky

ЕРӨБ KyrSEFF III алкагында "жашыл" насыялоону өнүктүрүүгө көмөктөшөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2022-жылдын аягында Банктын акционерлери тарабынан бекитилген Жашыл экономиканы каржылоо III программасына (KyrSEFF III) каржы көлөмү 50 миллион АКШ долларды түзгөн үч өнөктөш-банкты кошуу менен Кыргыз Республикасында жашыл насыялоону өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Демир Банк, ФИНКА Банк Кыргызстан, Кыргыз инвестициялык-кредит банкы (KICB)  бүткүл өлкө боюнча орто жана чакан бизнести жана үй чарбаларын насыялоону макулдашты.

KyrSEFF III ошондой эле Жашыл технологиялар селекторуна кошулган шайкеш материалдарды жана жабдууларды камсыздоочуларга жана өндүрүүчүлөргө каржылоо сунуштайт, бул энергия үнөмдөөчү технологиялардын онлайн маалымат базасы KyrSEFF сайтында жеткиликтүү.

«Биз KyrSEFF III боюнча өнөктөш-банктарды куттуктайбыз. Алар өлкөдөгү климаттын өзгөрүшүнөн катуу жабыркаган экологиялык курч көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн Кыргыз Республикасындагы биздин үчүнчү жашыл каржылоо механизмине катышат. ЕРӨБ, жергиликтүү финансы уюмдары жана бийлик 10 жылдан ашык убакыт өлкөнүн экологиялык коопсуз келечегин түзүүнүн үстүндө биргеликте иштеп келет. Биз жетишилген ийгиликтерди өнүктүрүүнү каалайбыз» – деди ЕРӨБ вице-президенти Марк Боуман:

Ал эми мурдагы программалар негизинен энергия жана ресурс үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган болсо, бул жолу KyrSEFF III алкагында ишмердүүлүк масштабы кеӊейтилет. Программа климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жана адаптациялоону колдоого, курчап турган чөйрөнүн булгануу деӊгээлин кыскартууга жана сууну алда канча үнөмдүү пайдаланууга көмөктөшүү үчүн жаӊы инсклюзивдик финансылык продукттарды колдонууга киргизүүгө багытталат.

Бүгүнкү күнгө карата ЕРӨБ Кыргыз Республикасында 238 долбоорго 960 миллион евро инвестициялады, ал эми ушул каражаттардын чоӊ бөлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган.