
KyrSEFFтин кардары, Таластын тургуну, ишкер Мырзабек Райымканов өзүнүн чакан цехи үчүн А+ класстагы тоңдургуч сатып алууга KyrSEFF программасынын алкагында грант алды.
Ал 2024-жылдын декабрь айында жаңы тоңдургуч сатып алууну жана 144 м² аянты бар мини-цехи үчүн насыя алууну пландап жаткан учурда, Банк Компаньондун адистери аркылуу KyrSEFF программасы жөнүндө кокустан билгенин айтып берди.
Кредиттик адистер ага KyrSEFF аркылуу насыя алууну сунушташкан. Мырзабек макул болуп, энергияны үнөмдөөчү тоңдургуч сатып алган жана азыр грант алып үлгүрдү.
Бул цех 3 жылдан бери иштеп келет, ал жерде пельмень, даяр камыр, самса жана лагман өндүрүлөт. Азыр ишкер цехтин имаратын жылуулоо жана кошумча энергияны үнөмдөөчү жабдууларды дагы KyrSEFF аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Анткени кышкы мезгилде электр энергиясы жана жылуулук үчүн төлөмдөр 40 000 сомго чейин жетүүдө.
«Мурда мындай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билген эмесмин. KyrSEFF программасы мага жабдуу сатып алууга эле эмес, реалдуу үнөмдөөгө жана туруктуу бизнес курууга жол ачты», — деп бөлүштү Мырзабек Райымканов.
KyrSEFF программасынын алкагында кайра жаралуучу энергия булактарын (КЖЭ) колдонуу менен жабдууларды орнотуп, насыянын суммасынан 15% га чейинки өлчөмдө грант алууга болот.
Сиз да ушундай мүмкүнчүлүктү каалайсызбы?
Бизнесиңизди энергияга кеткен чыгымдарды азайтуу менен өнүктүрүңүз — бизге жазып, акысыз консультация алыңыз.