23-февраль күнү Токмок шаарында Finca Банктин кредиттик адистери үчүн KyrSEFF программасынын алкагында жашыл технологиялар боюнча кеңири окутуу тренинги өткөрүлдү
Иш-чаранын максаты – банк кызматкерлеринин жашыл каржылоо инструменттери боюнча билимдерин тереңдетүү жана кардарларга туруктуу, энергиялык натыйжалуу чечимдерди туура сунуштоо жөндөмүн күчөтүү болду.

Тренингдин жүрүшүндө KyrSEFF эксперттери программанын мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын деталдуу түшүндүрүштү. Катышуучулар энергияны үнөмдөөчү технологиялар, күн электр станциялары, жылуулук насостору, энергиялык натыйжалуу жабдуулар, ошондой эле экологиялык транспорт (электромобилдер) боюнча каржылоо механизмдери менен таанышты.

Мындан тышкары, кредиттөө шарттары, грант алуу мүмкүнчүлүктөрү, долбоорлорду техникалык жана финансылык баалоо, инженердик коштоо, ошондой эле кардарлар менен иштөөнүн практикалык ыкмалары боюнча кеңири маалымат берилди. Реалдуу кейстердин негизинде суроо-жооп форматында талкуулар уюштурулуп, программаны күнүмдүк ишке интеграциялоо жолдору каралды.

Бул тренинг кредиттик адистердин жашыл долбоорлорду колдоодогу кесиптик деңгээлин жогорулатып, бизнес жана жеке кардарлар үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана экологиялык таза чечимдерди сунуштоого өбөлгө түздү.