Урматтуу өнөктөштөр, биз сиздерди 2024-жылдын 16-октябрында боло турган «Гендер жана Климат» семинарына кубануу менен чакырабыз. Иш-чара климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жашыл каржылоо аркылуу жумшартууну жана анын жүрүшүндөгү аялдардын ролун күчтөндүрүүнү талкуулоого арналат.
Дата: 16.10.2024
Орду: Бишкек ш.
Убактысы: 09:30 – 13:00
Семинар Жашыл экономиканы каржылоо программасы (KyrSEFF) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Чакан бизнеске консультация берүү программасы (ASB) тарабынан уюштурулган.
Иш-чарада KyrSEFF программасынын Базалык гендердик баалоосунун жыйынтыгы көрсөтүлөт, андан соӊ «Климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жашыл каржылоо аркылуу жумшартуу: аялдардын ролун күчтөндүрүү» деген темада финансылык жана ишкер секторлордун эксперттери менен панелдик талкуу жүргүзүлмөкчү.
Мындан тышкары, дискуссия аялдардын жашыл каржылоого жеткиликтүү болушунун тоскоолдуктарын жана жакшыртуу жолдорун, ошондой эле жашыл экономикага өтүүдөгү аялдардын маанилүү салымын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Семинар ЕРӨБдүн акционерлер фондунун жана Япония өкмөтүнүн колдоосунда өткөрүлөт.
Өтүнүч, иш-чарага 2024-жылы 7-октябрь күнү төмөнкү шилтеме боюнча өтүп катталыӊыздар https://docs.google.com/forms/d/1pJY3ENKmNlHfdXMMCdbx27uM9DfLpVvBPuDMHrCktOY/edit (профилдин шапкасында активдүү)
Толугураак маалымат алуу үчүн телефон 0776 73 93 21 (w/a).
Биз сиздин ушул маанилүү талкууга катышууӊузду чыдамсыздык менен күтөбүз.