enruky

2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташуу программасынын (ЦАРЭС) алкагындагы Аялдар бизнес-форуму өттү — бул Борбордук жана Батыш Азиядагы жашыл жана гендерге сезимтал инновацияларга арналган жылдын негизги иш-чараларынын бири болду.

Форумдун алкагында Green Innovation Exhibition аттуу көргөзмө уюштурулуп, анда KyrSEFF программасы тааныштырылды.

KyrSEFF инженерлери форумдун катышуучуларына программа кандай иштээрин, өлкө калкына энергияны үнөмдөө жана жаңылануучу энергия боюнча кандай чечимдер жеткиликтүү экенин, ошондой эле жашыл технологияларды киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя жана насыя суммасынын 15% га чейинки грантты кантип алса болорун түшүндүрүштү.

KyrSEFF программасы ишканаларга жана үй чарбаларына энергияны үнөмдөөгө, жашоо шартын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга жардам берет.

Программа жашыл каржылоо — бул экология гана эмес, үнөм, инновация жана аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр экенин көрсөтөт.

Биз ЦАРЭС форумунун уюштуруучуларына, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнө, ОБСЕ Академиясына, БУУнун Өнүктүрүү программасына (ПРООН), ЕБРРге, Элдик банкка жана UNISON Groupко жашыл өзгөрүүлөрдүн лидерлери менен өнөктөштөрүн бириктирген аянтча түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Көргөзмөгө катышканы үчүн KyrSEFF командасы форумдун уюштуруучуларынан ыраазычылык каты менен сыйланды.

Маалымат үчүн:
ЦАРЭС программасы — бул 11 катышуучу өлкөнүн жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кызматташуусуна негизделген узак мөөнөттүү аймактык демилге болуп, анын максаты — региондун экономикалык өсүшүн тездетүү жана жалпы жыргалчылыкка жетишүү.
ЦАРЭСке мүчө өлкөлөр: Афганстан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Моңголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.