enruky

KyrSEFF программасы 27-сентябрда Каракол шаарында өткөн “Каракол – жашоого жана бизнеске ыңгайлуу шаар” форумунда тааныштырылды. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата уюштурулган.

Форумдун алкагында KyrSEFF’тин эксперти Бакыт Аскарбеков бардык кызыккан тараптарга кеңештерди берип, туристтик аймактарда туруктуу өнүгүү үчүн программа сунуштаган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Форумдун тематикасы – шаардык чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу туризмди өнүктүрүү жана бизнести колдоо. Дал ушул багытта KyrSEFF чечимдери өзгөчө актуалдуу болуп саналат: алар ишкерлерге ресурстарды үнөмдөөгө, чыгымдарды кыскартууга жана региондун экологиясына салым кошууга жардам берет.

KyrSEFF программасы төмөнкү багыттар боюнча энергияны үнөмдүү жана экологиялык технологияларга кредиттерди берет, жана кредиттин 15% чейин грант түрүндө кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар:

Финансылык колдоо төмөнкү өнөктөш банктар аркылуу жеткиликтүү:

Kompanion Bank, FINCA Bank, DEMIR Bank, KICB Bank.

Форумда берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын биринчи алты айында Караколду 102 000ден ашык туристтер зыярат кылган. Бул туризм тармагында ыңгайлуулукка, сапатка жана энергия натыйжалуулугуна болгон суроо-талап өсө берерин көрсөтөт.

«Шаарлар чындап эле жашоого жана бизнеске ыңгайлуу болушу үчүн, бизге жашыл жана акылдуу инвестициялар керек. KyrSEFF – мындай өзгөрүүлөр үчүн практикалык инструмент», – деди Бакыт Аскарбеков.