enruky

«ЕРӨБ жашыл каржылоо продукттары» семинары: ЕРӨБ жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2024-жылдын 23-январь күнү Бишкекте «ЕРӨБ жашыл каржылоо продукттары» семинарын өткөрдү, анда жашыл экономиканы өнүктүрүүдөгү ЕРӨБдүн инновациялык ыкмалары талкууланды.   

Иш-чаранын негизги максаты – ЕРӨБдүн инновациялык продукттарына жана техникалык жардам программасына суроо-талапты калыптандыруу, ошондой эле жергиликтүү өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташууну жөнгө салуу.

ЕРӨБ туруктуу өнүгүүгө умтулат жана мындан да туруктуу келечек үчүн жашыл экономика түзүүнүн зарылдыгын тааныйт. ЕРӨБ жашыл каржылоосу көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскарткан жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшырткан экономикалык натыйжалуу долбоорлорду инвестициялоого багытталган. Ошентип 2021-2025-жылдары жашыл экономикага өтүүнүн жаӊы ыкмаларынын алкагында ЕРӨБ өзүнүн жашыл каржылоосун 2025-жылга карата 50 пайыздан ашык өлчөмдө көбөйтөт.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкүдөй темалар талкууланды:

ЕРӨБ энергия керектөөнү төмөндөтүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, ЕРӨБ Кыргызстандагы жашыл долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга эксперттик колдоо жана жардам көрсөтөт.

«2023-жылдын 1-январынан тартып ЕРӨБдүн бардык жаӊы каржылоолору, анын ичинде финансылык уюмдар менен операциялар Париж макулдашуусунун максаттарына жооп берет. 2006-2022-жылдар аралыгында ЕРӨБ болжол менен жылына 124 миллион тонна көмүр кычкыл газын кыскартууга шарт түзгөн 2600 ашык жашыл долбоорду каржылаган. Биз Кыргызстандын финансылык секторуна дагы жаӊы жашыл продукттарды киргизүүгө даярбыз», — деп белгиледи Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча ЕРӨБ аймактык директору Айтен Рустамова.

«Париж макулдашуусун илгерилетүү менен финансылык уюмдар климаттык өзгөрүүнүн банкка финансылык таасирин, банктын планетага жана коомго таасирин дагы эске алышы керек», – деди ЕРӨБдүн Климаттык стратегия жана аны ишке ашыруу боюнча Борбор Азия, Кавказ жана Түркия үчүн жашыл финансы системалар бөлүмүнүн жетекчиси Ксения Брокманн.

Ошону менен алар төмөн углероддук технологияларга өтүүнү пландоонун активдүү кадамдарын жасай алышат. ЕРӨБ өз кезегинде чакан бизнеске кеӊештерди берет жана ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча реформаларды колдойт, анын ичинде энергия жана ресурс натыйжалуулугуна жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө басым жасоо менен долбоорлорго жашыл консультацияларды берет.

Ошондой эле, ЕРӨБ консультанттары жашыл долбоорлорду жүзөгө ашырууда ишкер практиканы жакшыртуу максатында көп тараптуу техникалык жардам көрсөтөт.

Арасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын жана башка финансылык уюмдардын өкүлдөрү болгон катышуучулар, туруктуу келечекке өтүүгө жана экологиялык жана социалдык башкаруунун (ESG) принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшкөн жашыл долбоорлорго жана продукттарга инвестициялоо жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ЕРӨБгө ыраазылык билдиришти.