KyrSEFF адистери туруктуу чечимдерди жайылтуу боюнча жер-жерлерде активдүү иштерин улантууда
KyrSEFFтин адистери ишкерлер жана потенциалдуу кардарлар менен жолугушууларды өткөрүп, туруктуу чечимдерди илгерилетүү боюнча активдүү иш алып барууда. Алар заманбап стандарттарга жооп берген эң натыйжалуу энергия үнөмдөөчү жана ресурс сактоочу жабдууларды тандоодо кесипкөй техникалык кеңештерди берип жатышат.
Германиядан келген эл аралык KyrSEFF эксперти Райнер Бенке, туруктуу модернизация боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ, жана жергиликтүү адистер Салават Соронбаев жана Оксана Гудкова менен бирге «ЮРФА» медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында KyrSEFF программасынын алкагында медициналык инфраструктураны модернизациялоону каржылоо тууралуу келишимге жетишилди. Долбоордун алкагында жогорку технологиялуу, энергияны үнөмдөгөн медициналык жабдууларды сатып алуу жана Кыргызстанда буга чейин жеткиликсиз болгон заманбап диагностикалык ыкмаларды киргизүү пландалууда. Каржылоо Демир Банк аркылуу жүргүзүлөт — ал программанын көп жылдан берки өнөктөшү болуп саналат.
Күтүлгөн натыйжалар:
«Биз KyrSEFF программасына жана алардын кеңсесине ыраазычылык билдиребиз. Биздин максаттар окшош — калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана саламаттыгына кам көрүү. Бул программа бизге каржылоону гана эмес, технологиялык экспертиза жана биздин максаттарды терең түшүнүүнү да берет. Бул абдан баалуу», — деп белгиледи «Юнит-Реактив-Фарма» ЖЧКсынын (ЮРФА) өнүгүү боюнча башкы директорунун орун басары Галина Нишанова.
Жабдуулар жакын арада жеткирилиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары, программа ийгиликтүү ишке ашырылган энергия үнөмдөөчү чечимдер үчүн кредиттин суммасынан 15% га чейинки грант түрүндө инвестицияны кайтаруу мүмкүнчүлүгүн да сунуштайт.
KyrSEFF программасы энергияны үнөмдөө, жашоо сапатын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзгөн демилгелерди колдоосун улантат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы жашыл экономика үчүн каржылоо программасы – KyrSEFF, Европа кайра куруу жана өнүгүү банкынын (ЕБРР) колдоосу менен ишке ашырылууда.