Урматтуу кардарлар, сиздерге кубанычтуу кабар: KyrSEFF программасынын алкагында KICB Банкы менен кызматташтык кайра жанданды.
2025-жылдын август айында KICB Банкынын командасы KyrSEFF программасы тарабынан уюштурулган окуу тренингдеринен өттү. Тренингдер Бишкектеги башкы кеңседе жана аймактык филиалдарда өттү:
Нарын, Каракол, Балыкчы, Ат-Башы, Кочкор, Ош, Өзгөн, Ноокат, Алай, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Талас ж.б.
Тренингдердин максаты — насыя адистеринин төмөнкү багыттар боюнча билимин тереңдетүү:
энергияны үнөмдүү курулуш
ресурстарды жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу
кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу
турак жайды модернизациялоо боюнча туруктуу чечимдер жана башкалар
Тренингдерди өлкө боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган практик адистер — Жаныбек Кулумбетов жана Бакыт Аскарбеков өткөрүштү. KICB адистери теория менен катар эле, Кыргызстанда колдонулуп жаткан реалдуу тажрыйба жана куралдарды да үйрөнүштү.
Эгерде сиз:
үйүңүздү жылуулоону,
күн энергиясына өтүүнү,
жылытуу же инженердик системаларды жаңылоону
пландап жатсаңыз —
Бизге кайрылыңыз.
KyrSEFF жана KICB Банкынын адистери туруктуу чечимди жана пайдалуу каржылоону табууга жардам беришет.
Дарек: Бишкек ш., Суюмбаева көч., 181
Иш убактысы: жумуш күндөрү, 08:00–17:00
+996 312 90 12 17, 777 901216, 557 901217, 704 901217
Жылуу үй жана туруктуу келечек үчүн.
KyrSEFF программасы Европа Өнүктүрүү жана Кайра Куруу Банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда.