enruky

18-19-июнда Бишкекте энергетика тармагындагы технологиялар, жабдуулар жана инфраструктуралык чечимдерге арналган «Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, мамлекеттик сектор, бизнес жана инвесторлор үчүн маанилүү диалог аянтчасына айланды.

Көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашуун компания катышты. Экспозиция кайра жаралуучу энергия булактарын, гидроэнергетиканы, электротехникалык жабдууларды, ошондой эле энергетикалык объектилерди долбоорлоо жана куруу багыттарын камтыды.

KyrSEFF командасы көргөзмөдө турак жайлар жана бизнес үчүн заманбап энергоэффективдүү чечимдерди, ошондой эле өнөктөш банктар аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Коноктор KyrSEFF адистеринен акысыз инженердик консультацияларды алып, каржылоо механизмдери жана гранттык колдоо тууралуу кеңири маалымат алышты.

Эки күндүн ичинде KyrSEFF адистери энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу, заманбап технологияларды колдонуу жана долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңеш беришти. FINCA Банктын өкүлдөрү менен биргеликте адистер жеткиликтүү насыя продуктулары жана долбоор ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин насыя суммасынын 15%ына чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Көргөзмөгө катышуу тажрыйба алмашууга, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстанда энергоэффективдүү чечимдерди жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

KyrSEFF стендине келип, заманбап технологияларга кызыгуу жараткан жана өз идеялары менен бөлүшкөн бардык конокторго ыраазычылык билдиребиз. Жаңы жолугушууларда жана биргелешкен долбоорлордо көрүшкөнчө!