Компаньон Банктын Жалал-Абад облусундагы филиалдарынын кредит адистери GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) тренингдерине катышты.
Тренинг убагында окутуунун интерактивдүү формалары пайдаланылды жана катышуучулардын бардык суроолоруна милдеттүү түрдө жооптор берилди. Ала-Бука, Кербен, Токтогул айылдарында 11-13-ноябрь күндөрү тренингдин катышуучулары менен Программанын инженери Жаныбек Кулумбетов баарлашты.
Трениндин максаты GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) мүмкүнчүлүгүн жайылтуу, адистердин дараметин жогорулатуу жана рынокту изилдөө, камсыздоочулар менен кызматташууну жакшыртуу болуп саналат. Банк кызматкерлерине энергияны үнөмдөөчү жана ресурстук натыйжалуу чараларды колдонууга киргизүүнүн ийгиликтүү мисалдары көрсөтүлдү. Алар Программанын ар түрдүү бизнес-объектилердеги жана жеке сектордогу оӊ жыйынтыгына ишеништи.
Жалпысынан тренинг катышуучулар менен бирге программанын майда бөлүктөрүн активдүү талкуулоо менен өттү, GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) мүмкүнчүлүктөрү жана пайдалуу жактары жөнүндө маалымат берилди. Жаныбек Кулумбетов белгилегендей, кызматташуунун мындай формасы дараметти, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртат, насыя адистеринин билимин кеӊейтет.
Ошондой эле, Жашыл технологиялар селекторунун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда жүзөгө ашырылууда.