Компаньон Банктын Чүй облусундагы филиалдарынын кредит адистери үчүн GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультантары тренинг өткөрүштү.
Жаныбек Кулумбетов менен Айдар Канатбеков 2023-ж. 5-6-сентябрь күндөрү Кара-Балта, Токмок жана Кант шаарларындагы, Беловодское, Сокулук, Ивановка жана Кемин айылдарындагы аймактык бөлүмдөрдүн банкирлерине GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) – жашыл экономиканы каржылоо программасынын техникалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.
Жолугушууда суроо-жооптер, карыз каражаттарды берүүдө өтүнмөнү тариздөө үчүн кейстер талкууланды, ошондой эле тренингдин катышуучулары Green Technology Selector – Жашыл технологиялар селекторунун ыктымал кардарларын жана камсыздоочуларын барып көрүштү, энергия үнөмдүү жана ресурс сактоочу чаралар боюнча консультациялар жүргүзүлдү жана сунуштамалар берилди.
Компаньон Банктын Чүй облусундагы филиалдарынын кредит адистери окутуунун соӊунда GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультантарына программанын техникалык талаптары боюнча толук маалымат бергени үчүн ыраазылык билдиришти.
GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда жүзөгө ашырылууда.