GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультанттары Компаньон Банктын Ош облусундагы филиалынын кредит адистери үчүн тренинг өткөрүштү.
Окутуу GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) боюнча өтүнмөлөрдү туура тариздөөнү түшүндүрүү форматында өттү. Ошондой эле, адистерге Жашыл технологиялар селекторунун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.
Окутуунун жүрүшү окутуунун интерактивдүү формасында ишке ашты. GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультант ары Жаныбек Кулумбетов, Бакыт Аскарбеков жана Нурлан Ирисов банк кызматкерлери менен биргеликте кардардын 1 миллион сом суммасындагы кредитинин төлөмүн пайыздык чени менен эсептөөнү жүргүзүштү.
Энергия-ресурс үнөмдөөчү долбоорду ишке ашырган учурда GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) тарабынан берилген гранттык төлөм банктын пайыздык ченин жаба турганы эсептелди.
Тренингдин соӊунда GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультанттары жана Компаньон Банктын кредит адистери кызматташууну бекемдешти жана Программанын болочок кардарларына карыз каражаттарды активдүү берүүгө даярдыгын билдиришти.
GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда жүзөгө ашырылууда.