GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультанттары Жаныбек Кулумбетов жана Бакыт Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде “Особый акцент” программасына катышты. Эксперттер азыркы учурда электр кубаты тартыш убакта жылуулукту сактоо эана электр энергиясын үнөмдөөнүн актуалдуулугу өсүп жатканын белгилешти.
Жаныбек Кулумбетов менен Бакыт Аскарбековдун айтымында, курулуш рыногунда жылуулоо үчүн ар түрдүү материалдар бар. Бирок так ошол энергияны үнөмдөөчү түрлөрүнө артыкчылык берген туура экенин белгилешти.
Алардан пенопласт, пеноплекс жана полиуретан көбүгү – абдан белгилүү материалдар. Ошол эле учурда минералдык була, керамзит жана базальт буласы сыяктуу отко күйбөй турган жылуулоочу материалдар да болот.
Имараттарды жылуулоодо суук тарткан же жылуулук жоготуу жүргөн жерлердин пайда болушунун алдын алуу үчүн энергияны үнөмдөөчү курулуш технологиясын сактоо маанилүү.
Радиоэфирдин толук версиясын ушул шилтеме аркылуу көрүүгө болот:
https://vk.com/feed?w=wall-211845485_349