Бишкек, 16-октябрь 2024-ж. – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасынын (KyrSEFF III) алкагында «Гендер жана климаттык каржылоо» темасындагы улуттук көп тараптуу семинар өткөрдү.
Иш-чарага Кыргызстандагы «жашыл» каржылоого гендердик өӊүттөрдү эсепке алууга көмөктөшүү жолдорун бирге талкуулоо үчүн негизги кызыкдар тараптар чогулду. Семинарда гендердик өӊүттөрдүн негизги жыйынтыктары көрсөтүлдү, андан кийин жашыл каржылоо аркылуу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга аялдардын ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө панелдик талкуу болду.
KyrSEFF программасы экологиялык туруктуу, аз көмүртектүү жана климатка туруктуу экономикага өтүүгө көмөктөшүүгө багытталган. Программага гендердик өӊүттөр климаттык каржылоого эркектер менен аялдардын бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн камтылган.
Программа алкагында жүргүзүлгөн гендердик базалык баалоо, аялдар менен эркектердин климат өзгөргөн шарттардагы ар кандай муктаждыктары жөнүндө маалымат берет жана климаттык каржылоого жетүүдөгү жашыл технологиялардын артыкчылыктары жана гендердик ажырым жөнүндө маалымдуулугун жогорулатат. Базалык баалоонун бет ачарынын жүрүшүндө аялдардын ишкерликке жана климаттык каржылоого жетүүсүнө жолтоо кылган тоскоолдуктарды жеӊип өтүү боюнча негизги сунуштар берилген.
Сунуштар «жашыл» экономиканы жана климаттык каржылоону мыйзамдаштырган, аялдар демилгелерин колдоого багытталган финансылык продукттарды персоналдаштырууну, аялдар үчүн «жашыл» технологиялар жана климаттын өзгөрүшү тууралуу, ошондой эле дагы башкалар боюнча онлайн-курстарды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү камтыйт.
ЕРӨБдүн аймактык жетекчиси Айтен Рустамова, банктын өлкөдөгү инклюзивдик жана туруктуу өсүшкө жана аялдарды туруктуу колдоого умтулуусун белгиледи. «Бир нече жума мурда биз Кыргызстан боюнча 2024-2029-жылдарга карата стратегияны кабыл алдык, анда долбоорлордун энергетикалык натыйжалуулугу артыкчылык болуп саналат. Биз «Бизнестеги аялдар» долбоору дагы KyrSEFF сыяктуу ийгиликтүү болот деп ишенип турабыз». KyrSEFF маалыматы боюнча, зайымчылардын 40% ашыгы аялдар, бул Кыргызстандагы жогорку активдүүлүктү тастыктайт, – деп белгиледи ал.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине (Парламенти) караштуу Климаттык өзгөрүү шартында туруктуу өнүктүрүү кеӊешинин төрагасынын орун басары Динара Ашымова куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстанда аялдар карьера курууда гана эмес, күндөлүк жашоосунда да көптөгөн тоскоолдуктарга туш болуп жатканын белгилеп өттү. «Аялдар климаттын өзгөрүшүнө карата алда канча алсыз, ошондуктан гендердик-сезимтал талдоо абдан маанилүү, анткени ал биздин кайсы жерде турганыбызды түшүнүү үчүн маанилүү маалыматтарды берет», — деп айтты Динара Ашимова.
Семинар ишкер сектордун эксперттеринин катышуусунда жашыл каржылоо аркылуу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуудагы аялдардын ролун талкуулаган панелдик дискуссия менен аяктады. Алар Кыргызстандагы жашыл каржылоого бирдей жетүүнү камсыз кылуу үчүн негизги тоскоолдуктарды жоюуда финансылык институттар кандай роль ойной турганы жөнүндө маанилүү маселелерди талкуулашты жана аялдар жана субзайымчы аялдар жетектеген ишканаларга жашыл каржылоо тартууну стимулдаштырууга тиешелүү суроолорду талкуулашты.
«Кыргызстандын ишкер аялдарына 1,5 миллиард доллар өлчөмүндөгү каржылоо жетишпейт. Мындан тышкары, аялдар стартаптары үчүн каржылоо тартыш, мында үй жумуштарын да жасап, кесипкөй иштерди аткарган аялдардын көп жактуу эмгегин көӊүлгө албай койбошубуз керек», – деди Accelerate Prosperity Kyrgyzstan уюмунун директору Жылдыз Исабекова.
Семинардын катышуучулары, гендердик жана климаттык көйгөйлөргө көӊүл буруунун зарылдыгын жана мамлекеттик, финансылык сектордун жана гендердик жана климаттык маселелер боюнча эксперттердин биргелешкен иш-аракеттери ушул тоскоолдуктарды жеӊип өтүү жана жашыл каржылоого бирдей жетүүнү камсыз кылуу үчүн негизги шарт болуп саналат деген жыйынтыкка келишти.
Ошентип көптөгөн кызыктар тараптардын катышуусунда өткөрүлгөн улуттук семинар өз ара байланыштарды жөнгө салуу жана Кыргызстандагы гендердик-сезимтал климаттык каржылоону өнүктүрүүнүн андан аркы жолун талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Иш-чара Япония өкмөтүнүн колдоосунда өткөрүлдү.