enruky

"Баалоо кызматына кантип кайрылуу керек" боюнча кадам-кадам нускама

1 КАДАМ

Өтүнмө берүү

Катышуучу финансылык мекемеде өтүнмөнүн формасын толтургула.

 

2 КАДАМ

Баалоо жана төлөмдөр

Катышуучу финансылык мекеме  сиздин долбоордук сунуштун программага катышууга укугу бардыгын же жоктугун баалоо үчүн GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) командасына кароого берет.

GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) командасы долбоордун каржылоого ылайыктуугун баалайт жана баалоо жөнүндө отчет даярдайт. Баалоо жөнүндө отчет Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылоосу аркылуу акысыз болуп саналат. Баалоонун мазмуну жана татаалдык деӊгээли инвестициялык сунуштун татаалдыгына жараша болот.

Катышуучу финансылык мекеме өзүнүн ички стандарттарына жана жол-жобосуна ылайык сиздин насыя төлөө мүмкүнчүлүгүӊүздү баалайт. GEFF командасы долбоордун талаптарга шайкештигин оӊ баалагандан кийин сизге каржылоо бөлүнүп берилет.

3 КАДАМ

Долбоорду ишке ашыруу

Долбоорду ишке ашырууну GEFF программасынын критерийлерине ылайык уюштургула. Колуӊузда бардык зарыл документтердин болушун: счет-фактуралар, орнотуу сертификаттары/эксплуатацияга киргизүү жөнүндө сертификаттар (көп батирлүү имараттар үчүн) ж.б., орнотууну тастыктоо жана грант берүүнүн кийинки жол-жоболорун аткаруу үчүн текшериӊиз (грант берүүнүн шарттарына ылайык келген болсо).

 

Зарыл документтердин тизмесин жана кеп-кеӊеш алуу үчүн биздин GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) консультанттарына кайрылыӊыздар.