Өтүнмө берүү
Ылайыктуу жабдууларды жана материалдарды тандоо (же өндүрүмдүүлүккө эӊ төмөнкү талаптарды тастыктаган өндүрүшчүнүн спецификациясын алуу) жана шайкештик сертификатын түзүү үчүн «Жашыл» технологиялар селекторун пайдалангыла. Аны басып чыгаргыла, компьютерге сактагыла же жабдууну Жашыл технологиялар селекторунда идентификациялоо үчүн сертификаттын номерин жазгыла.
Өзүӊүздүн жергиликтүү камсыздоочудан/дистрибютордон тандалган технологияга төлөм үчүн счет алыӊыз.
Катышуучу финансылык мекемеде өтүнмөнүн формасын толтургула жана аны жогоруда саналган документтер менен бирге жөнөткүлө.
Шайкештикти текшерүү жана төлөө
Катышуучу финансылык мекеме GEFF алкагында каржылоо алууга укук, мекеменин ички стандарттарына жана жол-жобосуна ылайык насыя төлөөгө кудуреттүүлүк, ошондой эле шайкештик сертификатында көрсөтүлгөн технологиянын Жашыл технологиялар селекторунда болушу сыяктуу көрсөткүчтөрдү баалайт. Ушулар аныкталгандан кийин сизге өзүӊүз тандаган технологияны сатып алуу үчүн каржылоо бөлүнүп берилет.
Технологияны ишке киргизүү
Технологияны/жабдууну орноткула. Колуӊузда бардык зарыл документтердин болушун: счет-фактуралар, орнотуу сертификаттары/эксплуатацияга киргизүү жөнүндө сертификаттар (көп батирлүү имараттар үчүн) ж.б., орнотууну тастыктоо жана грант берүүнүн кийинки жол-жоболорун аткаруу үчүн текшериӊиз (грант берүүнүн шарттарына ылайык келген болсо).