Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргыз Республикасындагы чакан ишканаларга өндүрүштү жаңылоо, натыйжалуулукту жогорулатуу жана суунун тартыштыгы, топурактын эрозиясы жана деградациясы сыяктуу курч көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү максатында «Компаньон Банк» ЖАК 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит берет.
2007-жылдан берки ЕРӨБ кардары – «Компаньон Банк» ЖАК – жакында ЕРӨБ жактырган Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикасын каржылоо III механизмине (KyrSEFF III) кошулган биринчи ата мекендик финансы уюму болуп калды, бул долбоор «жашыл» тармакты жана туруктуу насыялоону өнүктүрүүнү илгерилетүүнү максат кылат.
ЕРӨБ кредити өзгөчө айыл чарбасында, турак жай-коммуналдык чарбаларда жана микро-, чакан жана орто ишканалар секторунда (МЧОИ) энергия- жана суу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду каржылоого жардам берет. Валюталык тобокелдиктерден качуу максатында суб-насыялар кыргыз сомунда берилет.
Карыз алуучулар KyrSEFF III сайтында технологиялардын онлайн-селектору аркылуу көрүүгө мүмкүн болгон энергия үнөмдөөчү технологияларга жеткиликтүү боло алышат. Селектор жергиликтүү ишканаларга жактырылган өндүрүүчүлөрдү жана тиешелүү материалдар менен жабдууларды табууга дагы жардам берет.
МЧОИ үчүн өлкөдөгү эң ири кредиторлордун бири «Компаньон Банк» ЖАК уюмуна KyrSEFF III алкагында каралган техникалык жардам жана биргелешип инвестициялоо үчүн гранттар берилмекчи.
Бүгүнкү күнгө карата ЕРӨБ Кыргыз Республикасындагы 221 долбоорду ишке ашырууга 879 млн евро инвестиция жумшады. Ошону менен бирге Банктын каражатынын чоң бөлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталган.