enruky

KyrSEFF программасы Ошто өткөн бизнес-жарманкеде бет ачар жасады

Ош ш. өткөн  «Инновациялык старт – ачык эшиктер күнү» бизнес-жарманкеси убагында Оштун тургундары KyrSEFF программасынын иш жыйынтыгы менен тааныштырылды. KyrSEFF финансы эксперти Бакыт Аскарбеков KyrSEFF Туруктуу энергияны каржылоо программасынын ийгиликтүү учурлары, тагыраак айтканда, энергоэффективдүү чаралар ишке киргизилген республиканын туристтик объектилери  жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары ал 2023-жылы башталган жана 5 жылга улана турган KyrSEFF III программасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип өттү.

Жарменкеге Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатында иштеген эл аралык уюмдардын, JIA бизнес-ассоциациясы жана Бизнес-консультанттар клубунун, коммерциялык банктардын ж.б.өкүлдөрү катышты.

Жарманке өткөрүүнүн максаты – Кыргызстандын түштүгүнүн ишкерлерине рыноктогу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуусу үчүн аянт түзүү, түштүк аймактын ишкерлерине инновациялык чечимдерди сунуштоо, ошону менен бирге Кыргызстандын түштүгүнүн ишкерлеринин мамлекеттик кызматтар, инвестициялар, консультациялар жана гранттар боюнча маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат.

KyrSEFF программасы иштеген мезгилде (2013-2022-ж.) турак жай жана коммерциялык секторлордо имараттарды жылуулоо, энергия үнөмдөөчү технологияларды жана кайра жаралуучу энергия технологияларын орнотуу, энергия сыйымдуу технологиялык жабдууларды алмаштыруу жана сууну сактоо жана үнөмдөө боюнча жалпы 55 млн АКШ доллары суммасында 3355 долбоор колдоого алынганын Бакыт Аскарбеков көргөзмөнүн конокторуна билдирди.

Ал иштердин жыйынтыгында жылына 200 млн кВт\с электр энергиясын үнөмдөө; жылына СО2 бөлүп чыгарууну 67 миң тоннага азайтуу; жана жылына 163 миң м3 ашык сууну үнөмдөө сыяктуу олуттуу натыйжалар жетишилди.

Ушул чаралардын таасири менен ата мекендик мейманканалар, ресторандар жана кафелер курчап турган чөйрөнү коргоого өз салымын кошуп, ошону менен туруктуу туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүштү.