Кышка даярдык азыр башталышы керек – бул темадагы эфир бүгүн “Жаматтык Медиада” өттү.
Студиянын коногунда имараттын энергия натыйжалуулугу боюнча инженери Жаныбек Кулумбетов жана “Компаньон” Банкынын регионалдык менеджери Марс Турсунбек уулу болушту.
Жаныбек Кулумбетов турак жай сектору жана бизнес үчүн жеңилдетилген насыя берүү GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) III программасы тууралуу айтып берди. Ошондой эле насыя беруу шарттары, аткарыла турган иш-чаралар жана жабдуулардын тизмеси айтып берди.
GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) – бул
▪энергияны жана ресурстарды үнөмдөөнү жогорулатууну каржылоо үчүн насыялар;
▪насыянын суммасынан 15% чейин гранттар;
▪ишке ашырылып жаткан долбоорлорго энергия жана ресурстардын натыйжалуулугун киргизүү үчүн акысыз техникалык кеңеш берүү.
Шилтемеден түз эфирдин толук жазуусун көрүңүз: https://fb.watch/lV-svow2Gs/
Жылуу үй жана ийгиликтүү бизнес үчүн!