enruky

Ийгилик баяндары

Ийгиликтүү долбоорлор жаңы жашыл инвестициялык долбоорлор үчүн эргүү булагы болуп калат. Келтирилген мисалдар GEFF программасынын колдоосу, тажрыйбасы жана финансылык инструменттеринин аркасында жетишилген натыйжаларды ачык көрсөтүп турат.

Worldwide Success Stories жөнүндө көбүрөөк билиңиз.

Кыргызстандагы айнек өндүрүшүнүн өнүгүшү: KyrSEFF колдоосу менен «ЭлМурас» ЖЧКсынын тажрыйбасы

15.05.2026 -

«ЭлМурас» ЖЧКсы Урмат Матраимовдун жетекчилиги алдында 2010-жылдан бери рынокто иштеп келет. Компания Ош шаарында жайгашкан, анда өндүрүш цехи жана соода түйүнү бар. Башында ишкана айнек сатуу менен алектенген, бирок 2016-жылдан тартып ишмердүүлүгүн кеңейтип, пластик жана терезе цехтерин ачкан. Кийинки этап айнек пакет өндүрүшүн өздөштүрүү болду. 2022-жылы компания бул багытты ишке киргизген, бирок процесстердин көпчүлүгү кол

DETAILS

Оштогу жаңы кафе ачылыш этабында эле электр энергиясына кеткен келечектеги чыгымдарды кантип азайтты

11.03.2026 -

Заманбап бизнес барган сайын курулуш баскычында эле техникалык чечимдерди алдын ала пландаштыруудан башталууда. Дал ушундай ыкма Ош шаарында, мэриянын жанында жайгашкан улуттук ашкананын жаңы «Чебурек&Манты» кафесин ачууда колдонулган. Кафе аянты 120 чарчы метрди түзгөн заманбап бир кабаттуу жай болуп саналат. Менюнун негизин өздөрү даярдаган улуттук тамактар түзөт: чебурек, манты, бышырылган азыктар жана башка популярдуу тамактар.

DETAILS

Технологиялар өмүр сактаганда: KyrSEFF менен Кыргызстанда диагностиканы модернизациялоо

13.02.2026 -

Жогорку технологиялуу жабдууларды колдонуу энергиялык жүктөм менен байланыштуу. Бул маселеге комплекстүү мамиленин көрүнүктүү мисалы  «Юнит-Реактив-Фарма» ЖЧКсынын долбоору болду. Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикасын каржылоо программасынын (KyrSEFF) алкагында «ЮРФА» диагностикалык борборлор тармагына заманбап медициналык техника сатылып алынды. KyrSEFF программасынын алкагында компания өз борборлоруна дүйнөлүк өндүрүүчүлөр: Philips, General Electric, Planmeca компанияларынын диагностикалык жабдууларын орнотту: магниттик-резонанстык томографтар, көп тилкелүү

DETAILS

Кыргызстандагы эң ири креативдүү IT-HUB «Технопарк» жаңылангандан кийин: энергоэффективдүү трансформация эмне берди

30.01.2026 -

Энергияны үнөмдөөчү чечимдерди колдонуу менен иштеп турган имараттарды модернизациялоо  эксплуатациялык чыгымдарды азайтуунун жана бизнес үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Мындай ыкманын жаркын мисалы  Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жайгашкан креативдүү IT-HUB «Технопарктын» имараты. Башында команда имаратты жаңылоо үчүн банктык кредит алууну пландаган. Бирок консультациялардын жүрүшүндө энергоэффективдүү чечимдерди тандаган учурда KyrSEFF программасы аркылуу кошумча

DETAILS

Мектеп корпусунун энергиялык модернизациясы 250 бала үчүн окуу шарттарын кантип өзгөрттү

19.12.2025 -

2023-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Дипломат» жеке мектебинин жетекчилиги балдардын шарттарын жакшыртуу жана жылытуу чыгымдарын азайтуу чечимин кабыл алган. Ошол эле учурда мектеп «Компанйон» банкы аркылуу KyrSEFF программасы менен таанышып, энергия натыйжалуу чечимдер үчүн грант алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. KyrSEFF программасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынат. “Дипломат” мектеби «KyrSEFF жөнүндө дал ушул банктан

DETAILS

Бекаевдердин үй-бүлөсүнүн тажрыйбасы: электр унаа – үнөмдүү жана экологиялык чечим

28.11.2025 -

2025-жылдын август айында Новопавловка айылында жашаган Бекаевдер үй-бүлөсү бензин менен жүргөн автоунаадан баш тартып, BYD маркасындагы электр унаасын сатып алган. Алар насыяны 5 жылга алган жана анын 10% суммасы грант катары кайтарымсыз берилген  бул KyrSEFF программасынын жардамы менен мүмкүн болду. Эркинай Бекаева бул чечимди мындай деп эскерет: «KyrSEFF программасына ишендик. Маалымат так, түшүнүктүү болду, ошондуктан

DETAILS

Ош облусунда нөлдөн баштап энергияны үнөмдөгөн курулуш – “ТБ Трейд”

04.11.2025 -

Ош облусунун Ош шаарына жакын жайгашкан Төлөйкөн айылында «ТБ Трейд» компаниясынын жаңы логистикалык борбору курулду. Бул долбоор эӊ башынан эле энергияны үнөмдөөгө жана бизнести туруктуу өнүктүрүүгө карата заманбап талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан. Анын негизги максаты туруктуу микроклиматты камсыздаган, эксплуатациялык чыгымдарды кыскарткан жана логистикалык операциялардын үзгүлтүксүз иштешин колдогон товар сактоо жана бөлүштүрүү объектисин түзүү

DETAILS

Ошто KyrSEFF программасынын колдоосу менен Кыргызстандагы эӊ чоӊ бассейн курулду

23.09.2025 -

Ош шаарында Кыргызстандагы эӊ ири спорттук бассейндин курулушу аяктап жатат. Өзгөчө объект «Булак» жаӊы спорттук комплекснинин курамында жана «Дельфин» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында KyrSEFF Жашыл экономиканы каржылоо программасынын колдоосу менен курулууда. Узуну 50 метр, туурасы 20 метр жана тереӊдиги 2 метрден ашык олимпиадалык форматтагы бассейн комплекстин борбордук элементи болуп калды. Бул жер 8 сууга сүзүү

DETAILS

Кыргыз тоолорунун этегиндеги энергияны үнөмдөгөн үй

05.09.2025 -

Темирлан Мамбеталиев, Кемин шаарынын тургуну, 2024-жылы өзүнүн жер тилкесине жылуу жана заманбап үй курууну чечкен. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Темирлан Мамбеталиев Компаньон Банкка кайрылып, ал жерде банктын адиси ага Кыргызстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан колдоого алынган жашыл экономиканы каржылоо боюнча KyrSEFF программасынын алкагында максаттуу насыя алууну сунушташкан. Программанын каржылык жана техникалык

DETAILS

Кеминдеги жеке үйдөгү энергия сарптоонун кыскарышы

25.07.2025 -

Энергетикалык кыйынчылыктар өсүп, электр энергиясына болгон тарифтер жогорулап жаткан шартта, турак жайлардын энергия үнөмдүүлүгүн жогорулатуу Кыргызстандагы жеке сектор үчүн артыкчылыктуу маселе болууда. Бул жааттагы ийгиликтүү иштердин бири  Кемин шаарынын тургуну Таалайбек Амановдун окуясы. Ал Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан колдоого алынган жашыл экономиканы каржылоо программасы — KyrSEFF’тин мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон. Буга чейин Таалайбек

DETAILS

3300 метр бийиктиктеги туруктуу туризм үчүн күн энергиясын пайдалануу

04.07.2025 -

Нарын облусундагы деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Сон-Көл көлүнүн түштүк жээгинде «Бир миллион жылдыз» аттуу боз үй лагери иштеп жатат. Бул үй-бүлөлүк ишкананын максаты — кыргыз элинин көчмөн маданиятын заманбап экологиялык стандарттар менен айкалыштырып, туруктуу туризмди өнүктүрүү. Региондогу туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болушу, электр энергиясынын үзгүлтүктөрү жана инфраструктуралык тоскоолдуктар лагердин ишмердүүлүгүнө

DETAILS

Binteq Group компаниясы жашыл экономика багытында иш алып барууну баштады.

11.04.2025 -

Суу кайрадан жаралган жер. Бүгүн биз 2010-жылдан бери тазалоочу курулмаларды сатуу менен иштеп келе жаткан Кыргызстандагы кардарыбыз – Binteq Group компаниясынын ийгилик тарыхы жөнүндө айтып бермекчибиз. Башында ишкананын кеңсеси Бишкек шаарында жайгашып, өндүрүш цехи Ново-Покровка айылында турган. Бул кызматкерлер үчүн бир топ ыңгайсыздык жараткан. Натыйжада логистиканы жакшыртуу жана иштин жүрүшүн ылайыкташтыруу максатында кеңсе менен цехти

DETAILS

Ош шаарындагы “Тадж Махал” бизнес-борбору жана мейманканасы – KyrSEFF менен көз карандысыз жылытуу жана энергия үнөмдөө

25.01.2025 -

Тажиниса Абдурасулова – Кыргыз Республикасына эмгек сиӊирген экономист, өмүр бою Ош шаарында бизнес чөйрөдө иштеп келген. Ал 2023-жылы түштүк борбордогу эки кабаттуу эски «Тадж Махал» мейманканасын реновация кылууну чечкен. Тажиниса Абдурасулова Ош шаарында бизнес-борбор жана мейманкана катары пландалган жети кабат жаӊы имаратты куруу үчүн архитектуралык документтерди даярдоого киришкен кезде олуттуу көйгөйгө дуушар болду – ЖЭБ

DETAILS

«Bilim-Kench» мектеби: Билим берүүдөгү инновациялар жана туруктуу өнүгүү

19.01.2025 -

«Bilim-Kench» жеке менчик мектеби Кыргызстанда 2019-жылдан бери иштейт, ал кенже курактагы окуучу балдарга билим берүү кызматын көрсөтөт. 2023-жылы мектеп Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исхак айылында 250 окуучуга эсептелген жаӊы имаратты ачкан. Ошол кезде электр энергиясын көп өчүрүүлөр айрыкча балдар таӊкы иш-чарага камынып жаткан майрам күндөрү бир топ көйгөйлөрдү жараткан. Электр кубаты жок суу берүү насостору,

DETAILS

Кемин шаарынын тургуну чоң жана жылуу ашкана тууралуу кыялын ишке ашырды

07.08.2024 -

Кеминдин жашоочусу Гүлзат Исмаилова, көп жылдар бою өзүнүн чоң үй-бүлөсү бирге чогулгудай кенен ашкананы кыялданып келген. Ал мурдагы ашканасы абдан кичинекей болгонун жана баары батыша албаганын, ал эми кышында суук болгонун эстейт. Былтыр Гүлзат эже жолдошу менен кеңешип, жаңы ашкана курууну чечет. Ал ушул максат менен Компаньон Банкка жана KyrSEFF Программасына кредит алууга кайрылган. Ал

DETAILS

Кеминдеги KyrSEFFтин туруктуу кардары үйүн дагы бир жолу жылуулады

01.08.2024 -

Кемин шаарынын тургуну Нурбек Абдиев көптөн бери KyrSEFF кардары болуп саналат. Ал мурда Компаньон Банктан өзүнүн  эски үйүнүн дубалдарын пеноплекс менен жылуулоо үчүн 2 жолу кредит алган жана анын натыйжасына абдан ыраазы. Жакында эле Нурбек Абдиев аянты 240 чарчы м жеткен эки кабат жаңы үй курду. Ал полун жылуулоо үчүн Компаньон Банкка KyrSEFF программасы боюнча

DETAILS

Электр энергиясын 2 эсе үнөмдөө үчүн Бишкекте үйлөрдү жылуулоо.

16.07.2024 -

Жылуу жана ыӊгайлуу үйдө жашоону, коммуналдык төлөмдөрдөн үнөмдөөнү жана курчап турган чөйрөгө зыянды азайтууга салым кошууну каалайсызбы? Анда энергия жана ресурс үнөмдөгөн долбоорлорго пайдалуу насыяларды жана гранттарды сунуштаган KyrSEFF – Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасына кайрылыӊыз. Биздин кардар – 79 жаштагы Жумадил Шамыралиев, Бишкектеги эки кабат үйүн KyrSEFF жардамы менен кантип жакшыртканын айтып берди. Аянты

DETAILS

Үйдөгү наабайканадан Бишкектеги заманбап энергияны үнөмдөгөн кондитердик цехке чейин

19.06.2024 -

Бишкектин тургуну Тынчтыкбек Кулмурзаев үч жылдан бери жеке кондитердик бизнесин иштетип келет. Мурда анын өндүрүш цехи үйүнүн короосундагы жылытылбаган имаратта жайгашкан, бул бир топ ыңгайсыздык жараткан. Натыйжада Тынчтыкбек Кулмурзаев иш шарттарын жакшыртууну, ошол имаратты бузуп, ордуна эки кабат имарат курууну чечет, анын 1-кабатында кондитердик цех, ал эми 2-кабатында жумушчулар үчүн турак жай бөлмөлөрү жайгашмакчы. Бул

DETAILS

Жалал-Абадда кулпунай аянтын тамачылатып суугаруу.

11.04.2024 -

Фермер Байыш Эрматов Жалал-Абад облусундагы Карамат айылынын тургуну, ал 2023-жылы биринчи жолу чоӊ аянтка кулпунай өстүрүүнү ойлогон. Кыргызстандын аймактарында суу өтө тартыш жана өзгөчө сугат убагында түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизет, буга байланыштуу Байыш Эрматов 0,5 гектар айдоо аянтына тамчылатып сугаруу тутумун орнотууну чечкен. Анын башкы максаты сууну үнөмдөө болчу, бирок аны менен бирге жер кыртышын

DETAILS

Сууктан ыңгайлуулукка: Беш-Күнгөөдөгү энергияны үнөмдөгөн үй

12.01.2024 -

Борбордун мектептеринин биринде химия мугалими болуп иштеген Бактыгүл Исираилова үч жылдан бери Беш-Күңгөй айылында жер үйдө жашайт. Алардын турак жайы 2023-жылдын август айында KyrSEFF программасына кайрылганга чейин абдан суук болчу. Үйдү жылытуу үчүн сентябрда эле көмүр жакканга же жылыткычты иштетүүгө туура келчү. Атүгүл жазында да үйдүн ичи муздак болуп турчу. Алар KyrSEFFтин инженерлери менен кеңешүү

DETAILS

Энергияны үнөмдөө үчүн үлгүлүү үйдү реконструкциялоо

27.11.2023 -

Пенсионер Болот Беш-Күңгөй айылында 12 жылдан бери ремонту жок эски, жылууланбаган үйдө жашап келген. Кышында жыгач терезелерден муздак аба кирчү. Ал эми жылуулук бөлмөлөрдүн чатыры аркылуу чыгып, жертаман дайыма муздак болчу. Ошондуктан Болот Шакировдун үйүндө жылуулук мезгили башкаларга караганда дайыма эрте башталып, кеч бүтчү. Быйыл алар оңдоону кийинкиге калтырбоо чечимине келип, март айында реконструкцияга киришти.

DETAILS

Айылдагы жаңы жашоо: Бакай Окомбаев энергияны үнөмдөгөн үйдү кантип курду

19.10.2023 -

Таш-Мойнок айылынын тургуну Бакай Окомбаев Бишкек шаарынын түштүк кичирайондорунун биринде жайгашкан 104-сериядагы 3 бөлмөлүү батирин саткан жана абасы таза айылга көчүп барып, үй курууну чечкен. Ал турак жайды жылуулоо иштерин баштоо алдында KyrSEFF Программасына, андан ары Компаньон Банкка кайрылган. Натыйжада Компаньон банкынын кызматкерлери карыз каражатты ыкчам түрдө берген. Бүгүнкү күнгө карата үй курулуп бүткөн, анда

DETAILS

Дубалдар үнөмдөө үчүн иштегенде: энергияны үнөмдөгөн үйдүн тарыхы

11.09.2023 -

«Кырман» конушунун жашоочусу Кубан Шекеев бүгүнкү күнү жылууланган жеке менчик үйүнүн курулушун жигердүү улантууда, учурда турак жайдын маӊдай бети травертин менен капталып жатат. Жалпы аянты 260 чарчы метрди түзгөн «Кырман» конушундагы эки кабат үй KyrSEFF программасынын алкагында энергия үнөмдөөнүн бардык техникалык талаптарына ылайык тургузулуп жатат. Кубан Шекеев биринчи жолу KyrSEFF программасы жөнүндө бир нече жыл

DETAILS