enruky

Жалал-Абадда кулпунай аянтын тамачылатып суугаруу.

Инвестор
Байыш Эрматов
Жайгашкан жер
Джалал-Абад ш. Кыргызстан
Инвестиция
тамчылатып сугарууну орнотуу, энергияны үнөмдөөчү насосту сатып алуу
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 15% түзөт
Энергияны үнөмдөө
жылына 70 кВт-с.
Электр энергиясын үнөмдөө
(Русский) 70 кВт-ч в год.
Сууну үнөмдөө
(English) 660 m3 per year
CO2 үнөмдөө
жылына 0,004 тонна
Таасири
Суу үнөмдөө
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

Тамчылатып сугаруу тутуму орнотулгандан кийин айдоо аянтка 100 тоннанын ордуна 12,5 тонна суу жетип калды.

Фермер Байыш Эрматов Жалал-Абад облусундагы Карамат айылынын тургуну, ал 2023-жылы биринчи жолу чоӊ аянтка кулпунай өстүрүүнү ойлогон.

Кыргызстандын аймактарында суу өтө тартыш жана өзгөчө сугат убагында түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизет, буга байланыштуу Байыш Эрматов 0,5 гектар айдоо аянтына тамчылатып сугаруу тутумун орнотууну чечкен. Анын башкы максаты сууну үнөмдөө болчу, бирок аны менен бирге жер кыртышын түшүмгө коркунуч келтирген зыяндуу отоо чөптөрдөн сактагысы келген.

Ал финансылык колдоо издеп KyrSEFF программасына жана Компаньон Банкка кайрылган. Өтүнмө жактырылгандан кийин Байыш Эрматов KyrSEFF инженерлеринен керектүү техникалык консультация алган. Анда электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтуу үчүн кубаттуулугу 1,5 кВт энергияга үнөмдүү насос орнотуу сунушталган.

«Тамчылатып сугаруу тутуму орнотулгандан кийин айдоо аянтка 100 тоннанын ордуна 12,5 тонна суу жетип калды. Суу менен энергияны үнөмдөөдөн тышкары убакытты жана адам ресурстарын үнөмдөө жүрөт. Баары автоматташтырылган. Колдоо үчүн KyrSEFF-ге рахмат», – деди Байыш Эрматов.

Заманбап тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүү тамыр зонасына натыйжалуу таасир этет жана кулпунайдын түшүмдүүлүгүн 30% чейин жогорулатат.

▪️ Суу үнөмдөө – жылына 660 м3

▪️ CO2 үнөмдөө – жылына 0,004 тонна

▪️ Энергия үнөмдөө- жылына 70 кВт-с.

Энергияга үнөмдүү чараларды ишке киргизгени үчүн Байыш Эрматовго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыянын суммасынын 15% өлчөмүндө грант берилди.