KyrSEFF жардамы менен Тынчтыкбек Кулмурзаев дубалдарды, полду жана шыпты жылуулады, энергияга үнөмдүү терезелерди орнотту жана жакында цех үчүн зарыл болгон муздаткыч жабдуу сатып алууну пландап жатат.
Бишкектин тургуну Тынчтыкбек Кулмурзаев үч жылдан бери жеке кондитердик бизнесин иштетип келет. Мурда анын өндүрүш цехи үйүнүн короосундагы жылытылбаган имаратта жайгашкан, бул бир топ ыңгайсыздык жараткан. Натыйжада Тынчтыкбек Кулмурзаев иш шарттарын жакшыртууну, ошол имаратты бузуп, ордуна эки кабат имарат курууну чечет, анын 1-кабатында кондитердик цех, ал эми 2-кабатында жумушчулар үчүн турак жай бөлмөлөрү жайгашмакчы.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ал Компаньон Банктын кредитин пайдаланды, ал мекемеден ишкерге KyrSEFF программасы боюнча каржылоо сунушталган.
Анын жардамы менен Тынчтыкбек Кулмурзаев дубалдарды, полду жана шыпты жылуулады, энергияга үнөмдүү терезелерди орнотту жана жакында цех үчүн зарыл болгон муздаткыч жабдуу сатып алууну пландап жатат.
Тынчтыкбек Кулмурзаев дубалдарды жылуулоо үчүн газобетонду, чатырды жана шыпты үчүн минералдык буланы, пол үчүн пеноплексти пайдаланды – ушул матералдар энергия үнөмдөөнүн жогорку натыйжалуулугун камсыздайт жана бөлмөлөрдө жылуулукту сактоого жардам берет. Азыр курулуш кызуу жүрүп жатат.
«Менин максатым — чакан бизнести өнүктүрүү жана экологиялык таза азыктарды чыгаруу. Биз жайлуу жумуш шарттарын түзүүгө, электр энергиясын жана жылытуудан үнөмдөөгө, ошону менен бирге айлана чөйрө үчүн зыянды азайтууга умтулабыз. KyrSEFF жардамы менен биз насыялоонун ыңгайлуу шарттарынан пайдалана алдык», – деп ой бөлүштү Тынчтыкбек Кулмурзаев.
KyrSEFF жардамы менен объектиде энергияны үнөмдөө жылына 48,93 МВт-саатка жетет жана CO2 таштандыларын бөлүп чыгаруу жылына 26,38 тоннага кыскарат.
KyrSEFF программасы ЕРӨБ – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылууда.
Энергияны үнөмдөө боюнча сүйлөшүлгөн бардык чараларды аткаруунун жыйынтыгында ЕРӨБ грантынын суммасы кредиттин жалпы суммасынын 15% чейинки бөлүгүн түзүшү мүмкүн.