enruky

KyrSEFF ийгилик баяны. Үйдү жылуулоо Бактыгүл Исираилова.

Инвестор
Бактыгүл Исираилова
Жайгашкан жер
Беш-Кунгей айылы, Кыргызстан
Инвестиция
Дубалды жылуулоо;
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 15% түзөт
Энергияны үнөмдөө
20 МВт/ж
CO2 үнөмдөө
жылына 12,3 тонна
Таасири
энергияга үнөмдүү үй
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

KyrSEFF менен байланышып, Бактыгүл Исираилованын үйүндө жылуулоо иштери жүрүп жаткандыктан, жылуулук дээрлик колдонулбай, электр энергиясына болгон төлөмдөр азайган.

Борбордун мектептеринин биринде химия мугалими болуп иштеген Бактыгүл Исираилова үч жылдан бери Беш-Күңгөй айылында жер үйдө жашайт.

Алардын турак жайы 2023-жылдын август айында KyrSEFF программасына кайрылганга чейин абдан суук болчу. Үйдү жылытуу үчүн сентябрда эле көмүр жакканга же жылыткычты иштетүүгө туура келчү. Атүгүл жазында да үйдүн ичи муздак болуп турчу.

Алар KyrSEFFтин инженерлери менен кеңешүү үчүн кеңсеге келишкен жана анда энергияны үнөмдөөчү чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштар берилгенин айтат.

Компаньон Банкынын  кредит адистери насыяны тез жактырышкан жана акча каражаттары дароо берилген.

Ошентип үйдүн дубалдары 10 см калыңдыктагы пенопласт менен жылууланып, маӊдай бетине суюк травертин тартылган.

Натыйжада электр энергиясын үнөмдөө жылына 20 МВтс. түздү.

Көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу жылына 12,3 тоннага азайды.

«Биз 3 жыл кыштадык, үй дайыма суук болчу, бирок жылуулоодон кийин абдан жайлуу болуп калганын сездик. Үй жылуулукту көпкө сактайт, быйыл кышында дээрлик жылыткан жокпуз. Биз электр энергиясын үнөмдөп, ал үчүн азыраак төлөп калдык. Ошону менен бирге атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну дагы азайтабыз», – деп белгиледи Бактыгүл Исираилова.