enruky

Энергияны үнөмдөө үчүн үлгүлүү үйдү реконструкциялоо

Инвестор
Болот Шакиров
Жайгашкан жер
Беш-Кунгей айылы, Кыргызстан
Инвестиция
Дубалды, шыпты жана полду жылуулоо; энергияны жакшы сактаган терезелер; энергия керектөө классы - А болгон кондиционер
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 15% түзөт
Энергияны үнөмдөө
40,5 МВт/ж
CO2 үнөмдөө
жылына 21,5 тонна
Таасири
энергияга үнөмдүү үй
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

Айылдагы коңшулар үйлөрүно от жагып жылыта башташты. Ал эми Болот Шакировдун үйүндө азыркы учурда мешти жакпаса деле жылуу жана ыңгайлуу.

Пенсионер Болот Беш-Күңгөй айылында 12 жылдан бери ремонту жок эски, жылууланбаган үйдө жашап келген. Кышында жыгач терезелерден муздак аба кирчү. Ал эми жылуулук бөлмөлөрдүн чатыры аркылуу чыгып, жертаман дайыма муздак болчу. Ошондуктан Болот Шакировдун үйүндө жылуулук мезгили башкаларга караганда дайыма эрте башталып, кеч бүтчү.

Быйыл алар оңдоону кийинкиге калтырбоо чечимине келип, март айында реконструкцияга киришти. Үй силикат кирпичтен курулган, ал жылуулук өткөргүчтүк касиеттери боюнча керамикалык кирпичтен төмөн. Ошондуктан мындай имаратты жакшылап жылуулоо максатка ылайыктуу. Оңдоо иштери чатырдан башталып, андан кийин дубалга өткөн. Курулуштун бул этабында алар KyrSEFF программасына кайрылышкан.

«Жубайым экөөбүз кеңешүү үчүн кеңсеге келдик. Инженерлер бизге баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып, түшүндүрүп беришти. Энергияны үнөмдөөчү материалдарды колдонууга кеңеш беришти, биз алардын сунуштарын аткардык”,-дейт Болот Шакиров.

Андан кийин Шакировдордун үй-бүлөсү Компаньон Банкына насыя сурап кайрылышкан, кредиттик адистер алардын үйүнө келип, баа беришип, тез арада акча каражатын чыгарып беришкен.

Натыйжада дубалдар 5 см жана шыбы калыңдыгы 10 см болгон базальт плитасы, полу калыңдыгы 5 см пеноплекс менен жылууланган. Беш камералуу энергияны үнөмдөөчү терезелер орнотулган. Ошондой эле энергия керектөө классы – А болгон кондиционер сатылып алынган.

Курулуштун баардык фазасында Болот Шакиров кеңеш алуу үчүн KyrSEFF командасына кайрылып кенеш алып турган жана ушул жылдын сентябрь айында алардын үйү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн. Имараттын аянты 100 чарчы метрден 135 чарчы метрге чейин көбөйгөн. Фасады суюк травертин менен кооздолгон.
Энергияны үнөмдөө 40,5 МВт/ж түзөт.

Көмүр кычкыл газынын үнөмдөлүшү жылына 21,5 тоннаны түзөт.
Айылдагы коңшулар үйлөрүно от жагып жылыта башташты. Ал эми Болот Шакировдун үйүндө азыркы учурда мешти жакпаса деле жылуу жана ыңгайлуу.