«Кырман» конушунун жашоочусу Кубан Шекеев бүгүнкү күнү жылууланган жеке менчик үйүнүн курулушун жигердүү улантууда, учурда турак жайдын маӊдай бети травертин менен капталып жатат.
«Кырман» конушунун жашоочусу Кубан Шекеев бүгүнкү күнү жылууланган жеке менчик үйүнүн курулушун жигердүү улантууда, учурда турак жайдын маӊдай бети травертин менен капталып жатат.
Жалпы аянты 260 чарчы метрди түзгөн «Кырман» конушундагы эки кабат үй KyrSEFF программасынын алкагында энергия үнөмдөөнүн бардык техникалык талаптарына ылайык тургузулуп жатат.
Кубан Шекеев биринчи жолу KyrSEFF программасы жөнүндө бир нече жыл мурда уккан жана дароо кызыгып калган. Бирок быйыл гана өз үйүнүн курулушун баштоого кирише алды. Ал KyrSEFF инженерлерине техникалык кеӊеш сурап кайрылган. Ал эми эксперттер Компаньон Банктан жеӊилдетилген кредитти тариздөөгө сунуш беришкен.
Финансы мекемесинин кредит адистери Кубан Шекеевге KyrSEFF программасы боюнча насыяны ыкчам беришти. Натыйжада KyrSEFF инженерлери эки катар айнектелген беш камералуу энергияга үнөмдүү терезелерди коюуну жана тышкы дубалдарды 5 см минералдык була менен жылуулоону сунушташты. Чатыр 15 см калыӊ минералдык була менен жылууланган.
«Ушундай кеӊештери үчүн KyrSEFF инженерлерине ыраазымын. Жашыл технологияларды ишке киргизүүнү колдоо, электр энергиясын үнөмдөө, турак жайды кыш мезгилине даярдоо керек. Мында чоӊ көйгөйлөр чечилет: абанын булганышы азаят. Мындан ары көмүр жагып кереги жок, анткени бул экология үчүн абдан зыяндуу», – деп белгиледи Кубан Шекеев.
KyrSEFF программасынын алкагында бардык энергия үнөмдөө чаралары ишке киргизилгенден кийин үйдө энергия үнөмдөө жыл сайын 27,63 Мвт/с түздү, ал эми көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу жылына 16,63 тоннага азайды.
Кубан Шекеев эмдиги жылы жаӊы үйгө көчүп кирем деп үмүттөнүп турат. Энергия үнөмдөө боюнча макулдашылган бардык чараларды аткаруунун натыйжасында гранттык бөлүк кредиттин 15% чейинки суммасын түзүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы жашыл экономиканы каржылоо программасы – KyrSEFF Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Европа Бирлигинин колдоосунда ишке ашырылып келет. Анын алкагында жеке сектордо энергия жана сууну үнөмдөө чараларын ишке киргизүү колдоого алынат.