enruky

Шаардан айылга. Бакай Окомбаевдин энергияга үнөмдүү үйү

Инвестор
Бакай Окомбаев
Жайгашкан жер
Таш-Мойнок айылы, Кыргызстан
Инвестиция
Дубалды, шыпты жана полду жылуулоо; энергияны жакшы сактаган терезелер; А++ электр керектөө классындагы муздаткыч  
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 12% түзөт
Таасири
энергияга үнөмдүү үй
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

Таш-Мойнок айылынын тургуну Бакай Окомбаев Бишкек шаарынын түштүк кичирайондорунун биринде жайгашкан 104-сериядагы 3 бөлмөлүү батирин саткан жана абасы таза айылга көчүп барып, үй курууну чечкен. Ал турак жайды жылуулоо иштерин баштоо алдында KyrSEFF Программасына, андан ары Компаньон Банкка кайрылган.

Таш-Мойнок айылынын тургуну Бакай Окомбаев Бишкек шаарынын түштүк кичирайондорунун биринде жайгашкан 104-сериядагы 3 бөлмөлүү батирин саткан жана абасы таза айылга көчүп барып, үй курууну чечкен. Ал турак жайды жылуулоо иштерин баштоо алдында KyrSEFF Программасына, андан ары Компаньон Банкка кайрылган.

Натыйжада Компаньон банкынын кызматкерлери карыз каражатты ыкчам түрдө берген. Бүгүнкү күнгө карата үй курулуп бүткөн, анда эӊ заманбап энергияга үнөмдүү жана ресурс сактоочу технологиялар ишке киргизилген. Дубалды, шыпты жана полду жылуулоо жүргүзүлгөн, энергияны жакшы сактаган терезелер орнотулган жана А++ электр керектөө классындагы муздаткыч сатылып алынган.

Бакай Окомбаев үйдүн дубалы 2 кыштын калыӊдыгында курулганын айтып берди. Азыр бөлмөлөр абдан жылуу жана ыӊгайлуу, андыктан жубайы жана балдары үйдө жыӊайлак басып жүрүшөт.

«Жер тилкени ата-энем сатып алган, атам чоӊ жана жылуу үй курууну кыялданчу. Мен анын кыялын ишке ашырууну чечтим. Өмүр бою шаарда жашадым, батирде эч качан жылуулук жөнүндө ойлонбойсуӊ, бизге кышында жылуулук ЖЭБден келчү, ысык суу да бар болчу. Бул жакка көчүп келгенде үйдү болушунча жылуулоону жана бул үчүн бардык болгон мүмкүнчүлүктү колдонууну чечтим. Бул иш KyrSEFF программасынын колдоосу менен жүзөгө ашты. Биз экологияны колдоо менен улуттун саламаттыгын жакшыртабыз. Мен KyrSEFF колдоосунан пайдаланууга жана үйлөрдү жылуулоого кеӊеш берем, жакында кыш түшөт, жылуулук – бул биздин ден соолугубуз», – деп белгиледи Бакай Окомбаев.

Ал ыӊгайлуу насыялоо үчүн Компаньон Банкына дагы ыраазылык билдирди. Алдын ала макулдашылган бардык энергия үнөмдөө чараларын толук аткаруунун натыйжасында гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 12% түзөт.