Электромобилди сатып алууда Изат FINCA Bankтын каржылоосун пайдаланган. Кошумча артыкчылык катары ал 10% өлчөмүндө гранттык жардам алган.
Үнөмдөөдөн тышкары, электр транспортун колдонуу конкреттүү экологиялык натыйжа берди. Электромобилди пайдалануунун эсебинен жыл сайын CO₂ чыгаруулары 30,57 тоннага кыскарат. Бул бир жыл ичинде болжол менен 500 чоң дарак сиңире ала турган CO₂ көлөмүнө барабар.
Изат Кубатбекова Бишкек шаарынын тургуну жана FINCA Bankтын туруктуу кардары. Буга чейин ал бензин кыймылдаткычы бар унаа айдап келген, бирок убакыттын өтүшү менен электромобилге өтүүнү чечкен.
Изат үчүн бул чечим салттуу отундун баасынын өсүшү менен өзгөчө актуалдуу болду. Бүгүнкү күндө бензин менен дизелдик отундун баасы литрине болжол менен 100 сомду түзөт. Ал эми электромобилди колдонуу күнүмдүк каттамдарга кеткен чыгымдарды кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет.
«Мурда бензин менен жүргөн унаам бар болчу. Азыр электромобилди болжол менен күнүнө бир жолу кубаттайм. Үйдө ал жайыраак кубатталат, бирок бул мен үчүн ыңгайлуу. Эң негизгиси, жол жүрүүгө кеткен чыгымдар азайды», дейт Изат Кубатбекова.
Электромобилди сатып алууда Изат FINCA Bankтын каржылоосун пайдаланган. Кошумча артыкчылык катары ал 10% өлчөмүндө гранттык жардам алган.

Үнөмдөөдөн тышкары, электр транспортун колдонуу конкреттүү экологиялык натыйжа берди. Электромобилди пайдалануунун эсебинен жыл сайын CO₂ чыгаруулары 30,57 тоннага кыскарат. Бул бир жыл ичинде болжол менен 500 чоң дарак сиңире ала турган CO₂ көлөмүнө барабар.
«Мен жашыл транспорт Кыргызстанга керек деп эсептейм. Электромобилдер көбүрөөк болсо жакшы болмок. Бул каражатты үнөмдөөгө жана зыяндуу чыгарууларды азайтууга мүмкүнчүлүк берет», деп белгилейт Изат Кубатбекова.
Изаттын энергияны үнөмдөөчү чечимдерге болгон кызыгуусу транспорт менен гана чектелбейт. Келечекте ал үйүн жылуулоону пландап жатат. Бул жылуулуктун жоголушун азайтып, жылытуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга чейин үй-бүлө электр жылытуусу бар батирде жашаган, бирок аны жылытуу чыгымы өтө жогору болгон.
Бүгүнкү күндө электромобиль Изат үчүн бензин унаасына жөн гана альтернатива эмес. Бул транспорттук чыгымдарды көзөмөлдөөгө жана ошол эле учурда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтууга мүмкүндүк берген практикалык тандоо.
«Бизде экологиялык жактан таза транспорт жана адамдардын мындай чечимдерди тандоосуна мүмкүнчүлүк көбүрөөк болсо дейм. Биз атүгүл чакан электр жүк ташуучу унаа алууну кыялданабыз. Мындай мүмкүнчүлүк түзүлүп берилгени үчүн KyrSEFF программасына ыраазычылык билдиребиз», дейт Изат Кубатбекова.
Изаттын тарыхы экологиялык чечимдер практикалык милдеттер менен айкалыша аларын көрсөтөт: чыгымдарды азайтуу, кымбат отунга болгон көз карандылыкты төмөндөтүү жана күнүмдүк каттамдарды үнөмдүү кылуу.
Жашыл экономиканы каржылоо боюнча KyrSEFF программасы Кыргыз Республикасында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылат.