enruky

«Эврика» билим берүү борборунун директору KyrSEFF менен экологиялык транспортту тандады

Инвестор
Алмахан Мусаева
Жайгашкан жер
Ош ш., Кыргызстан
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 10% түзөт
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

Мындан тышкары, KyrSEFF программасынын алкагында электр унаасын сатып алууга алынган насыянын суммасынын 10% өлчөмүндө грант алуу артыкчылыгын да пайдаланды.

Быйыл Ош шаарындагы «Эврика» билим берүү борборунун негизделгенине 14 жыл толду. Бул аралыкта окуу жай шаардагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бирине айланып, балдар бакчасынан тартып 12-класска чейин үзгүлтүксүз билим берүү кызматын көрсөтүп келет.

Билим берүү борборунун директору Алмахан Мусаева  үчүн окуучуларга заманбап билим берүү менен катар, алардын жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу да маанилүү. Ушул себептен улам ал энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл буруп келет.

«KyrSEFF программасы тууралуу спорт залга жылуулук насосун орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканда жана прогармманын адистеринин кенешин аркылуу жашыл технологиялардын артыкчылыгын кенири билдик. Программа сунуштаган мүмкүнчүлүктөр бизде чоң кызыгуу жаратты. Анткени энергияны үнөмдөөчү технологиялар чыгымдарды азайтууга эле эмес, келечекке пайдалуу инвестиция болоруна ишенебиз. Азыр бул багыттагы иштерди дагы улантууну пландап жатабыз», – дейт Алмахан Мусаева.

Кийинчерээк ал KyrSEFF программасы сунуштаган каржылоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, электр унаасын сатып алууну чечкен. 2026-жылдын апрель айында Демир Банктын колдоосу менен 2025-жылы чыгарылган BYD Yuan Plus үлгүсүндөгү, бир кубаттоо менен 510 чакырымга чейин жүрө алган электр унаасын сатып алууга насыя алган.

Бүгүнкү күндө электр унаасы билим берүү борборунун күнүмдүк ишинде активдүү колдонулат. Ал шаар ичиндеги кызматтык жолугушууларда жана аймактарга болгон иш сапарларда жана окуучуларды ташууда негизги транспорт каражаты болуп калды.

«Жумушума байланыштуу Жалал-Абадга жана башка аймактарга көп каттайм. Электр унаасын айдоо абдан ыңгайлуу экен. Кубаттоо түйүндөрү көбөйүп, инфраструктура да жылдан жылга жакшырып жатат. Унаа үнөмдүү, башкарууга жеңил жана күнүмдүк колдонууга толугу менен ылайыктуу болуп чыкты», – дейт Алмахан Мусаева.

Мындан тышкары, KyrSEFF программасынын алкагында электр унаасын сатып алууга алынган насыянын суммасынын 10% өлчөмүндө грант алуу артыкчылыгын да пайдаланды.

Бүгүнкү күндө «Эврика» билим берүү борборунда 300гө жакын окуучу билим алып, 54 кызматкер эмгектенет. Борбордо англис тили менен математиканы тереңдетип окутууга, окуучулардын интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана активдүү жарандык позициясын калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Окуучулар жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, математика жана англис тили боюнча республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болуп келишет. Ошондой эле билим берүү борборунда волейбол жана шахмат боюнча сабактар өткөрүлөт. Шахмат окуу программасына өзүнчө предмет катары киргизилген.

«Мен үчүн электр унаасын тандоо жөн гана жаңы унаа сатып алуу эмес. Бул айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилени көрсөткөн аң-сезимдүү чечим. Бүгүн экология маселеси ар бирибизге тиешелүү. Балдарыбыз таза абада жашап, ден соолугу чың болуп чоңоюшу үчүн азыртан туура тандоо кылышыбыз керек. Өзүбүз үлгү көрсөтсөк, жаш муун да ушундай баалуулуктарды кабыл алат деп ишенем», – дейт Алмахан Мусаева.

Экологиялык баалуулуктарды жайылтуу багыты билим берүү борборунун ишмердүүлүгүндө негизги багыт катары каралат. Жакынкы келечекте окуу программасына экологияга байланыштуу сабактарды киргизүү пландалууда.

«KyrSEFF программасына көрсөткөн колдоосу үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз. Мындай демилгелер энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана экологиялык транспортту колдонууга көбүрөөк адамдарды шыктандырат. Бул өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жашыл келечегине кошулган маанилүү салым деп эсептейм», – деп белгиледи Алмахан Мусаева.

Билим берүү борбору келечекте дагы башка энергияны үнөмдөөчү чечимдерди ишке ашырууну караштырып жатат. Алардын катарында имараттын энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган технологияларды колдонуу да бар.

KyrSEFF жашыл экономиканы каржылоо программасы Кыргыз Республикасында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылууда.