KyrSEFF программасынын алкагында техникалык жабдуулардын жаңыртылышы көп функциялуу айнекти өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мындай айнек өзгөчө кылдат иштетүүнү талап кылат, анын ичинде жумшак щёткаларды колдонуу, кырларын сапаттуу иштетүү жана герметизация технологияларын так сактоо зарыл.
«ЭлМурас» ЖЧКсы Урмат Матраимовдун жетекчилиги алдында 2010-жылдан бери рынокто иштеп келет. Компания Ош шаарында жайгашкан, анда өндүрүш цехи жана соода түйүнү бар. Башында ишкана айнек сатуу менен алектенген, бирок 2016-жылдан тартып ишмердүүлүгүн кеңейтип, пластик жана терезе цехтерин ачкан.
Кийинки этап айнек пакет өндүрүшүн өздөштүрүү болду. 2022-жылы компания бул багытты ишке киргизген, бирок процесстердин көпчүлүгү кол менен аткарылган. Жалгыз автоматташтырылган жабдуу жуугуч аппарат болгон, бул өндүрүш көлөмүн чектеп, көп сандагы кызматкерлерди талап кылган.

«Мурда дээрлик баарын кол менен жасачубуз. Бул көп убакытты алып, чоң заказдарды алууга мүмкүнчүлүк берчү эмес», – деп белгилейт «ЭлМурас» ЖЧКсынын жетекчиси Урмат Матраимов.
Айнек пакеттерине болгон суроо-талап өсүп, айрыкча 2020-жылдан кийин, компания модернизацияны баштаган. 2024-жылы Урмат Матраимов Компаньон банкка кайрылып, ага KyrSEFF программасы сунушталган. Бул программа аркылуу айнек пакет өндүрүү боюнча автоматташтырылган линия үчүн жабдуулар сатылып алынган.
Техникалык жабдылыштын аркасында мультифункционалдуу айнек өндүрүү мүмкүн болду, ал жумшак щеткаларды колдонуу, кромканы сапаттуу иштетүү жана герметизация технологияларын сактоо сыяктуу кылдат иштетүүнү талап кылат.
«Жаңы жабдуунун негизги өзгөчөлүгү заманбап энергия үнөмдөөчү айнек түрлөрү менен иштей алуу мүмкүнчүлүгү. Бул сапатты жогорулатып, мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтет», – деп түшүндүрөт Матраимов.
Акыркы жылдары Кыргызстанда айнек рыногу да олуттуу өзгөрдү. Эгер 2010-жылдардын башында барак айнек сатуу үстөмдүк кылса, 2015-жылдан кийин кесүү механизмдери киргизиле баштаган. 2020-жылга карата процесстер кыйла технологиялык болуп, рамкаларды чогултуу жана автоматташтыруу элементтери киргизилген.
Бүгүнкү күндө компания барак айнектин болжол менен 60%ын ортомчуларга сатат, ал эми 30%ын айнек пакеттерге жана күзгү продукциясына иштетет. Пландарына ылайык, өндүрүштү кеңейтүү аркылуу кайра иштетүү үлүшүн көбөйтүү каралууда.
Азыркы учурда ишкана болжол менен 600 чарчы метр аянтка ээ, бирок кеңейтүү боюнча ири долбоор ишке ашырылууда. Өнөр жай зонасында 2 гектар жер бөлүнүп, анда аянты болжол менен 7500 чарчы метр болгон жаңы өндүрүш цехин куруу пландалууда.


Добора эки этапта ишке ашырылат. Алгач курулуш, андан кийин жабдууларды орнотуу. Кеңейтүүнүн алкагында айнекти чыңдоо линиясы, айнек пакет өндүрүшү жана ошондой эле тонировкаланган айнек өндүрүшүн киргизүү пландалууда. 2024-жылы компания кредит суммасынан болжол менен 14% өлчөмүндө грант алган.
Жылдык электр энергиясын үнөмдөө 410 МВт·саатты түзөт, бул болжол менен 90 үй чарбасынын бир жылдык керектөөсүнө барабар.
CO₂ чыгарууларынын көлөмү жылына 21,22 тоннага азаят, бул болжол менен 5 автоунаанын бир жылдык чыгарууларына теңештирилет.
«KyrSEFF менен кызматташуу биз үчүн жөн гана каржылык колдоо эмес, толук кандуу эксперттик коштоо болуп саналат. Команда ар дайым байланышта болуп, жабдууларды тандоодон тартып техникалык чечимдерге чейин ар бир этапта ыкчам жардам берет. Алардын консультацияларынын аркасында биз так жана экономикалык жактан негизделген чечимдерди кабыл алдык, бул бүгүнкү күндө энергия керектөөнү азайтууга жана компаниянын туруктуу өнүгүшүнө негиз түзүүгө жардам берип жатат», – деп бөлүшөт Урмат Матраимов.
Компания ошондой эле ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат жана өндүрүш кубаттуулугун өнүктүрүүнү улантып, технологиялык деңгээлди жана продукциянын сапатын жогорулатууга басым жасоодо. Келечекте «ЭлМурас» ЖЧКсы чоң цехке көчүүгө байланыштуу электр энергиясын үнөмдөө үчүн күн станциясын орнотууну пландаштырууда.
KyrSEFF жашыл экономиканы каржылоо программасы Кыргыз Республикасында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда.