Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикасын каржылоо программасынын (KyrSEFF) алкагында «ЮРФА» диагностикалык борборлор тармагына заманбап медициналык техника сатылып алынды.
Жогорку технологиялуу жабдууларды колдонуу энергиялык жүктөм менен байланыштуу. Бул маселеге комплекстүү мамиленин көрүнүктүү мисалы «Юнит-Реактив-Фарма» ЖЧКсынын долбоору болду. Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикасын каржылоо программасынын (KyrSEFF) алкагында «ЮРФА» диагностикалык борборлор тармагына заманбап медициналык техника сатылып алынды.
KyrSEFF программасынын алкагында компания өз борборлоруна дүйнөлүк өндүрүүчүлөр: Philips, General Electric, Planmeca компанияларынын диагностикалык жабдууларын орнотту: магниттик-резонанстык томографтар, көп тилкелүү компьютердик томографтар, санарип рентген-аппараттары, эксперттик жана премиум класстагы ультраүндүк системалар, конус-нурлуу томографтар, рентгендик денситометр жана 3D-томосинтез функциясы бар санарип маммограф.

«Биз бул шаарда жашайбыз жана күн сайын экологиялык чакырыктарга туш болобуз. Ошондуктан биздин тандоо аң-сезимдүү болду: арзаныраак жана эскирген чечимдердин ордуна бейтаптардын кызыкчылыгын эске алган жана ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берген заманбап технологияларга инвестиция салууну туура көрдүк», – деп белгиледи «ЮРФА-Реактив-Фарма» ЖЧКсынын өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары Галина Нишанова.
Анын айтымында, МРТ туруктуу энергиялык жүктөмгө ээ жабдуулардын катарына кирет. Мындай аппараттар магнит талаасын жана муздатуу системасын туруктуу кармоо зарылдыгынан улам суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт жана толук өчүрүлбөйт. Стандарттык сканерлөө протоколу аткарылган учурда МРТ системасынын энергия керектөөсү бир убакта 400 лампанын күйүшүнө барабар. Ошондуктан энергияны үнөмдөөчү жабдууларды тандоо маанилүү болгон.
Мисалы, санарип маммограф күн сайын орто эсеп менен 25 аялга акысыз профилактикалык текшерүү жүргүзүүгө колдонулат, бул ооруну эрте стадиясында аныктоого жардам берет.

Долбоорго чоң колдоо катары KyrSEFF алкагында акысыз берилген инженердик консультациялар жана 10% грант каралган жеңилдетилген кредиттик каржылоо кызмат кылды.
Жыйынтыгында жыл сайын 406 МВт·саат электр энергиясы үнөмдөлүп, парник газдарынын чыгышы 28 тонна CO₂га кыскарууда.
«Бүгүнкү күндө бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуз мүмкүн эмес. Заманбап экологиялык чечимдерге инвестиция салуу башында ресурстарды талап кылат, бирок узак мөөнөттө туруктуу экономикалык жана социалдык натыйжа берет. KyrSEFF командасына колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз», – деп бөлүштү Галина Нишанова.
Мындан тышкары, компания тармагын мындан ары кеңейтүүнү пландаштырууда. Жакынкы пландарда Жалал-Абад шаарында жаңы борбор ачуу, ошондой эле Бишкекте дагы бир борбор ачуу каралган. Ушундай эле жабдуулар комплекти Ош шаарында да орнотулган.
KyrSEFF жашыл экономикасын каржылоо программасы Кыргыз Республикасында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) колдоосу менен ишке ашырылууда.