KyrSEFF программасынын инженерлеринин сунуштарынын негизинде бир катар чечимдер ишке ашырылды: дубал энергоэффективдүү терезелерди орнотуу, жылуулукту калыбына келтирүү функциясы бар заманбап вентиляция системаларын, VRF-кондициялоо системаларын жана LED-жарыктандырууну киргизүү.
Энергияны үнөмдөөчү чечимдерди колдонуу менен иштеп турган имараттарды модернизациялоо эксплуатациялык чыгымдарды азайтуунун жана бизнес үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Мындай ыкманын жаркын мисалы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жайгашкан креативдүү IT-HUB «Технопарктын» имараты.
Башында команда имаратты жаңылоо үчүн банктык кредит алууну пландаган. Бирок консультациялардын жүрүшүндө энергоэффективдүү чечимдерди тандаган учурда KyrSEFF программасы аркылуу кошумча жардам алуу мүмкүнчүлүгү белгилүү болгон.

«Биз Demir Bank аркылуу кредит алууну карап жатканбыз, анткени кесиптештерибиздин KyrSEFF менен иштөөдө оң тажрыйбасы бар эле. Энергоэффективдүү чечимдерди киргизүү менен KyrSEFF программасы аркылуу кредит алууга болорун билгенде, көп ойлонбой эле аны расмий түрдө алдык», – деп бөлүшөт Технопарктын башкаруучу директору Айдай Исмаилова.
Ошентип, курулуш иштери 2024-жылдын жай айларында имараттын абалын комплекстүү изилдөөдөн башталган. Иштер башталганга чейин адистер чакырылып, энергетикалык аудит жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жылуулук жоготууларынын негизги булактары – дубалдар жана шыптар экени аныкталган.
Модернизацияга чейин имарат чиллерлердин жардамы менен жылытылып, айрыкча кыш мезгилинде энергия керектөөсү оптималдуу көрсөткүчтөрдөн кыйла ашып кетчү.
«Кышында биз керектүүдөн алда канча көп энергия сарптачубуз. Бул айрыкча чоң open space зоналарында байкалчу. Комплекстүү ыкмасыз ,ул маселени чечүү мүмкүн эмес экени айкын болчу», – деп белгилейт Айдай Исмаилова.
KyrSEFF программасынын инженерлеринин сунуштарынын негизинде бир катар чечимдер ишке ашырылды: дубал энергоэффективдүү терезелерди орнотуу, жылуулукту калыбына келтирүү функциясы бар заманбап вентиляция системаларын, VRF-кондициялоо системаларын жана LED-жарыктандырууну киргизүү.
Суу ресурстарын үнөмдөөгө да өзгөчө көңүл бурулду: түтүктөр жаңыланып, резервуарлар орнотулуп, суунун берилишин көзөмөлдөгөн датчиктер жана суу үнөмдөөчү сантехника колдонулду.

«Биз үчүн жөн гана оңдоп-түзөө жүргүзүү эмес, ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берген жана ошол эле учурда адамдар үчүн ыңгайлуулукту арттырган система түзүү маанилүү эле. Чоң өзгөрүүлөр майда кадамдардан башталат: эгер энергоэффективдүүлүк долбоорлоо баскычынан тартып приоритет болбосо, көпчүлүк имараттар сапаттын эсебинен үнөмдөөнү уланта берет», – деп баса белгилейт башкаруучу директор.
Негизги курулуш жана монтаждоо иштери 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын январь айына чейин жүргүзүлдү. Ал эми февраль айында объект толугу менен пайдаланууга берилди.
Жалпы аянты 14 миң чарчы метрди түзгөн имаратта кеңселер, коворкинг зоналар, конференц-залдар жана подкаст жаздыруу студиясы жайгашкан. Бүгүнкү күндө хабдын резиденттери катары соода платформаларын жана криптовалюталык сервистерди иштеп чыгуучу алдыңкы IT-компаниялар иш алып барышууда.

Имарат жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулугу менен айырмаланат:
сапаттуу үн изоляциясы, жаңырыктын жоктугу, ар бир кеңседе температураны өз алдынча жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жана климатты санариптик башкаруу системасы.
«Азыр ар бир кеңсе өзүнө ылайык температураны тандай алат. Бул иштөө атмосферасынын жана ыңгайлуулуктун таптакыр башка деңгээли», – дейт Айдай Исмаилова.
Модернизациядан кийин электр энергиясына кеткен чыгымдар орточо эсеп менен чарчы метрине 76–77 сомду түзүүдө. Долбоордун өзүн-өзү актоо мөөнөтү 7 жылга чейин деп бааланууда. Учурда Технопаркта 2,5 миңге чейин адам иштейт, ал эми күнүмдүк келүүчүлөрдүн саны 4 миңге жетет.

Технопарк долбоору инженердик объект катары гана эмес, бизнестин өсүшүн шыктандырып, колдогон мейкиндик катары да пландалган.
«Көптөгөн компаниялар бул жерде чакан командалар менен ишин баштап, убакыттын өтүшү менен кеңейип, ошол эле мейкиндикте кала беришти. Адамдар иштеген чөйрө алардын абалына түздөн-түз таасир этет. Биз үчүн кайтып келгиң келген, иштегиң, жараткың жана өнүгүүгө умтулган мейкиндикти түзүү маанилүү болчу», – айтат Айдай Исмаилова.
Долбоорду ишке ашырууда KyrSEFF программасы негизги роль ойноп, каржылык гана эмес, маанилүү техникалык да колдоо көрсөткөн.
«Кредит суммасынан 10% өлчөмүндөгү грант жана программанын талаптары биз үчүн багыт болуп берди. Бул энергоэффективдүү чечимдерди тандап, олуттуу колдоо алууга шарт түздү. KyrSEFF менен кызматташуунун форматы ачык, түшүнүктүү жана ашыкча бюрократиясыз болду», – деп белгилейт башкаруучу директор.
Долбоор жылына 1 099 МВт·саат электр энергиясын жана 38 614 м³ сууну үнөмдөөгө, ошондой эле CO₂ бөлүп чыгарууну 57 тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет.
Энергоэффективдүүлүк бул тренд эмес, зарылдык экенине технопарктын командасы ишенет. Келечекте «Технопарк» Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноп, өлкөгө жаңы технологиялык долбоорлорду тартууга өбөлгө түзө алат.
Жашыл экономиканы каржылоо боюнча KyrSEFF программасы Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылууда.