Биз жөн гана үнөмдөп койгон жокпуз келечекке кадам таштадык. Эгер кайрадан тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, дагы эле электромобилди тандамакпыз. Колдоосу жана грант берүү мүмкүнчүлүгү үчүн KyrSEFF программасына ыраазычылык билдиребиз
2025-жылдын август айында Новопавловка айылында жашаган Бекаевдер үй-бүлөсү бензин менен жүргөн автоунаадан баш тартып, BYD маркасындагы электр унаасын сатып алган. Алар насыяны 5 жылга алган жана анын 10% суммасы грант катары кайтарымсыз берилген бул KyrSEFF программасынын жардамы менен мүмкүн болду.
Эркинай Бекаева бул чечимди мындай деп эскерет: «KyrSEFF программасына ишендик. Маалымат так, түшүнүктүү болду, ошондуктан тез эле чечип, насыя алдык. Бир да жолу өкүнгөн жокпуз».
Эркинайдын жолдошу буга чейин Яндекс.Такси кызматында Hyundai Sonata унаасы менен иштеп келген жана күнүмдүк күйүүчү майдын чыгымы орто эсеп менен 1500 сомду түзчү. Электр унаа колдонулгандан кийин чыгым бир нече эсеге азайган.
«Жолдошум биринчи айда эле айырмасын сезди үнөм чоң. Эң негизги натыйжа – ай сайынгы чыгымдардын кыскаруусу. Мурун күйүүчү майга көп каражат кетсе, азыр электр энергиясына болгону айына 1500–2000 сом сарпталат автоунаа күн сайын такси катары колдонулуп жатканына карабастан», – дейт Эркинай Бекаева.
Бекаевдер электр унаанын жүрүшү жумшак, үнү аз, титирөө жок экенин белгилешет.
«Мен да рулга отурам, айырмасы дароо сезилет. Унаа жеңилирээк, тынч, башкаруу ыңгайлуу. Заправкага кезек күтпөйт экенсиң бул дагы чоң плюс», – дейт Эркинай Бекаева.
Электр унаанын артыкчылыгы үнөмдүүлүк гана эмес. Ал атмосферага зыяндуу газ чыгарбайт жана абанын булганышына салым кошпойт.
«Биз жашаган айылда көпчүлүк көмүр менен жылынып, кышында аба оор болот. Биздин унаа зыяндуу бөлүнүүлөрдү чыгарбай турганы кубандырат бул саламаттык үчүн салым. Жакындарыбыз, кошуналарыбыз да кызыга башташты. Мүмкүнчүлүк болсо, электр унаага өткөн жакшы бул башкача жашоо сапаты», – деп кошумчалайт Эркинай Бекаева.
Бекаевдердин тажрыйбасы электр транспорт Кыргызстанда иш жүзүндө жеткиликтүү боло баштаганын далилдейт. Гранттык колдоо, эксплуатация чыгымдарынын аздыгы жана ыңгайлуулук электр унаасын айыл жеринде да пайдалуу кылууда.
KyrSEFF программасы Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) колдоосу менен иштейт жана ушундай иштер аркылуу экологиялык транспорт теория эмес, адамдар тандай алган реалдуу мүмкүнчүлүккө айланып жатат.
Бул окуя жаңы технология күнүмдүк жашоого кантип табигый түрдө кирип жатканын көрсөткөн мисал. Электр унаа эми сейрек эмес үй-бүлөнүн чыгымын азайтып, киреше табуусуна жардам берген кадимки унаа.