enruky

Ош облусунда нөлдөн баштап энергияны үнөмдөгөн курулуш – “ТБ Трейд”

Инвестор
Таалайбек Ташпулатов
Жайгашкан жер
Ош о, Кыргызстан
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 15% түзөт
Энергияны үнөмдөө
жылына 140,44 МВт/с
CO2 үнөмдөө
жылына 34,54 тонна
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, бул логистикалык борбор жыл сайын 140,44 МВт·с энергияны үнөмдөйт жана 34,54 тонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартат.

Ошентип жылытууга кеткен чыгымдар олуттуу кыскартылды, ишкер жамаат үчүн ыӊгайлуу шарттар камсыздалды, ал эми ички туруктуу температуранын эсебинен товарлардын сактоо ишинин сапаты жогорулады.

Ош облусунун Ош шаарына жакын жайгашкан Төлөйкөн айылында «ТБ Трейд» компаниясынын жаңы логистикалык борбору курулду. Бул долбоор эӊ башынан эле энергияны үнөмдөөгө жана бизнести туруктуу өнүктүрүүгө карата заманбап талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан. Анын негизги максаты туруктуу микроклиматты камсыздаган, эксплуатациялык чыгымдарды кыскарткан жана логистикалык операциялардын үзгүлтүксүз иштешин колдогон товар сактоо жана бөлүштүрүү объектисин түзүү болуп саналган.

Кышы суук жана жайы ысык келген Кыргызстандын түштүк жергесинин климаттык өзгөчөлүктөрүнөн улам кампа жайларынын ичинде ыӊгайлуу шарттарды түзүү үчүн олуттуу энергия талап кылынат. Андыктан долбоорлоо убагында энергия ресурстарына көз карандылыкты төмөндөтүү жана жылуулукту жоготууну азайтуу үчүн энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу чечими кабыл алынган.

Долбоор KyrSEFF программасынын колдоосунда ишке ашырылды, анын жардамы менен жылуулукту сактоо касиети жогору сэндвич-панелдерди орнотуу, дубалды, полду жана чатырды жылуулоо, энергияны үнөмдөөчү эшик-терезелерди коюу сыяктуу бир катар техникалык чечимдер ишке ашырылды. Мындай комплекстүү ыкма имаратты ишенимдүү жылуулоого жана энергияны натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берди.

Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, бул логистикалык борбор жыл сайын 140,44 МВт·с энергияны үнөмдөйт жана 34,54 тонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартат.

Ошентип жылытууга кеткен чыгымдар олуттуу кыскартылды, ишкер жамаат үчүн ыӊгайлуу шарттар камсыздалды, ал эми ички туруктуу температуранын эсебинен товарлардын сактоо ишинин сапаты жогорулады.

Компаниянын жетекчилиги белгилегендей, энергияны натыйжалуу үнөмдөө бизнести өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды:

 «Биз кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана продукцияны ишенимдүү сактоону камсыз кылуу үчүн заманбап стандарттарга ылайык курулуш курууну чечтик. Энергияны үнөмдөөгө жумшалган инвестициялар чыгымдарыбызды азайтып, бизнесибизди ишенимдүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Долбоорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн KyrSEFF программасына ыраазычылык билдиребиз», – деди «ТБ Трейд LTD» директору Таалайбек Ташпулатов.

Жаңы логистикалык борбор аймактын соода-кампа инфратүзүмүнүн маанилүү элементи болуп калды жана заманбап инженердик чечимдер ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга канчалык таасирин тийгизе аларын көрсөтүүдө.

Таалайбек Ташпулатовдун айтымында, келечекте электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз болуу максатында имараттын чатырына күн электр станциясын орнотуу пландалууда.

«ТБ Трейд» логистикалык борбору энергияны үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу экологиялык жоопкерчиликти жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну камсыз кылуу менен компанияны өнүктүрүүгө кандай жардам бере аларын көрсөткөн ийгиликтүү мисал болуп саналат.

Таалайбек Ташпулатов белгилегендей, энергияга үнөмдүү курулушту тандоо бизнестин узак мөөнөттүү туруктуулугун жогорулатууга, чыгымдарды ылайыктоого жана операциялык натыйжалуулукту жакшыртууга багытталган стратегиялык кадам болгон. «ТБ Трейд» жаӊы логистикалык борбору аймактын соода-бөлүштүрүү инфратүзүмүнүн маанилүү объектиси болуп калды жана Кыргызстандагы бизнес үчүн заманбап инженердик чечимдердин артыкчылыгын көрсөтүп турат.

Долбоор энергияны үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу экологиялык жоопкерчиликти жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну камсыз кылуу менен компаниялардын өнүгүшүнө кантип жардам берерин көрсөткөн ийгиликтүү окуя болуп калды.