Энергия үнөмдөө - жылына 784,61 МВт/с. Бул көлөм 120 батирдин жылдык электр энергия керектөөсүнө жетет же 70 миллион смартфонду кубаттоого болот.
Сууну үнөмдөө - жылына 3 000 м³. Бул көлөм 20 киши бир жыл бою керектеген сууга, олимпиадалык бассейндеги суунун жарымына тете болот.
CO₂ бөлүп чыгаруунун кыскартуу - жылына 114,48 тонна. Бул 25 жеӊил автоунаанын жылдык бөлүп чыгаруусуна же 5 000 жакын дарактын сиӊирип алуу жөндөмүнө тете болот.
Ош шаарында Кыргызстандагы эӊ ири спорттук бассейндин курулушу аяктап жатат. Өзгөчө объект «Булак» жаӊы спорттук комплекснинин курамында жана «Дельфин» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында KyrSEFF Жашыл экономиканы каржылоо программасынын колдоосу менен курулууда.
Узуну 50 метр, туурасы 20 метр жана тереӊдиги 2 метрден ашык олимпиадалык форматтагы бассейн комплекстин борбордук элементи болуп калды. Бул жер 8 сууга сүзүү тилкеси менен жабдылат жана эӊ жогорку деӊгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Долбоордо энергияны үнөмдөөгө өзгөчө көӊүл бурулган. Имарат KyrSEFF колдоосунда эӊ жаӊы экологиялык чечимдерди колдонуу менен курулуп жатат:
Сэндвич-панелдери менен жылуулоо, бул эӊ жогорку жылуулагыч жана өрткө коопсуз материалдар болуп саналат;
Эске салсак, KyrSEFF программасы Кыргызстандагы жашыл экономиканы колдоо максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.
«Эӊ башынан эле биз жөн гана имарат курбастан, заманбап, жылуу, экологиялык жана ыӊгайлуу спорттук комплекс түзүүнү ойлодук. Бассейн эӊ жогорку класстагы мелдештерди өткөрүүгө жооп бериши үчүн бардык эл аралык стандарттарга ылайык келүүгө тийиш жана биз ошол максатка жеттик деп үмүттөнөбүз», – деп «Дем Ал» ЖЧК директору Элдар Төрөбаев белгиледи.
Аянты 4000 чарчы метр ашык спорттук комплекс эркектер жана аялдар зонасына бөлүнгөн, заманбап кийим которуучу бөлмөлөр, буу бөлмөсү, түрк хамамы, намазкана менен жабдылган, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн да шарттар түзүлгөн. Долбоор спорт менен машыгуу үчүн бир нече функционалдык зоналар менен камсыздалган машыгуу залын камтыйт.
Балдары менен келген ата-энелер үчүн бөбөктөр зоналары жана бала багуучулар бөлмөсү каралган, бул үй-бүлө үчүн комплекске барууну абдан ыӊгайлуу кылат.
Энергия үнөмдөө – жылына 784,61 МВт/с. Бул көлөм 120 батирдин жылдык электр энергия керектөөсүнө жетет же 70 миллион смартфонду кубаттоого болот.
Сууну үнөмдөө – жылына 3 000 м³. Бул көлөм 20 киши бир жыл бою керектеген сууга, олимпиадалык бассейндеги суунун жарымына тете болот.
CO₂ бөлүп чыгаруунун кыскартуу – жылына 114,48 тонна. Бул 25 жеӊил автоунаанын жылдык бөлүп чыгаруусуна же 5 000 жакын дарактын сиӊирип алуу жөндөмүнө тете болот.
Спорт комплекстин курулушу «Дем Ал» ЖЧК компаниясы тарабынан мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн (МЖМӨ) алкагында жүзөгө ашырылууда. Бул курулуш спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү, сергек жашоо мүнөзүн жана туруктуу технологияларды кантип айкалыштырууга болорун көрсөткөн мыкты мисал болуп калды.
«Биз долбоорду өзгөчө жаӊы деӊгээлде ишке ашырууга мүмкүндүк берген колдоосу үчүн KyrSEFF программасына ыраазыбыз. Бардык ишкерлерди жашыл экономика жолу менен өнүгүүгө чакырабыз. Биздин комплекске келиӊиздер, ден соолукка жана экологияга биз менен чогуу кам көрүӊүздөр», – деп кошумчалады Элдар Торобаев.
KyrSEFF программасы жеке жактарга жана бизнеске энергия чыгымдарын жана көмүртек изин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген энергия натыйжалуу жана кайра толукталуучу технологияларды ишке киргизүүгө жардам берет.