Жашыл экономиканы каржылоо боюнча KyrSEFF программасынын колдоосунун аркасында көмүр кычкыл газынын (CO₂) бөлүнүшү жылына 21,31 тоннага чейин кыскарып, бул ошол көлөмдөгү CO₂ сиңирүү үчүн зарыл болгон 900дөн ашык дарак отургузууга тете.
Темирлан Мамбеталиев, Кемин шаарынын тургуну, 2024-жылы өзүнүн жер тилкесине жылуу жана заманбап үй курууну чечкен.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Темирлан Мамбеталиев Компаньон Банкка кайрылып, ал жерде банктын адиси ага Кыргызстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан колдоого алынган жашыл экономиканы каржылоо боюнча KyrSEFF программасынын алкагында максаттуу насыя алууну сунушташкан.
Программанын каржылык жана техникалык колдоосунун аркасында Темирлан Мамбеталиев курулуш иштерин баштаган. Учурда үйдүн курулушу аяктап калды. Бул үйдө ашкана, кенен холл жана үч уктоочу бөлмө, өзүнчө душ бөлмөсү жана башка керектүү жайлар бар. Ошондой эле бул жерде тамак бышыруу жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн очок кана да каралган. Баары өз колдору менен жасалууда: Темирлан жана жубайы экөө тең иштешет, бул курулушка көп эмгек жана каражат жумшашкан.
Энергоэффективдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулган: энергияны үнөмдөгөн терезелер жана сапаттуу, герметикалык эшиктер орнотулган, сырткы дубалдар, шып, чатыр жана пол жылууланган. Үйдү жылытып, жылуулукту сактап туруучу заманбап курулуш материалдары колдонулган.
KyrSEFF программасынын инженерлери мындай энергоэффективдүү курулушту ишке ашырууну сунуштап жана пайдалуулугун так көрсөткөн эсептөөлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада, үйдүн жылдык электр энергиясын үнөмдөө көлөмү 35,99 мегаватт-саат түзөт. Бул көлөм орто эсеп менен 18–20 үй-бүлөнү бир жыл бою электр энергиясы менен камсыз кылууга жетет.
Ал эми көмүр кычкыл газынын (CO₂) бөлүнүшү жылына 21,31 тоннага чейин кыскарган, бул: ушундай эле көлөмдөгү CO₂ сиңирүүчү 900дөн ашык даракты отургузууга тете жана олкодо комур кычкыл газын азайтууга олуттуу салым.
«Үй жылуу болушу маанилүү, ал үчүн сөзсүз түрдө көп көмүр жагыштын кереги жок. Электр энергиясын үнөмдөө жана табиятка кам көрүү керек. Кышында мындай үйдө жылуу, жайында салкын болот. Бул биздин өзүбүзгө ыңгайлуу жана табият үчүн да пайдалуу. KyrSEFF программасынын жардамы менен баары жеңилдеди. Айрыкча насыянын пайыздык ченин жабууга жардам берген грант жагат. Бул кыргызстандыктар үчүн чыныгы жардам», – деди Темирлан Мамбеталиев.
Бул окуя – заманбап технологиялар жана KyrSEFF программасынын колдоосу менен энергоэффективдүү, ыңгайлуу жана экологиялык үйдү үй-бүлөлүк бюджетти оорлотпой туруп курууга мүмкүн экендигинин айкын далили.
KyrSEFF – бул Кыргызстан жарандарына коммуналдык чыгымдарды азайтууга, жашоонун сапатын жогорулатууга жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин кыскартууга жардам берген туруктуу өнүгүүнү колдогон чыныгы инструмент.