KyrSEFF жашыл экономикага каржылык колдоо көрсөтүү программасынын жардамы менен лагердин ээлери маанилүү кадам жасап, лагерьди күнү-түнү автономдуу жана таза электр энергиясы менен камсыздай алышты.
Нарын облусундагы деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Сон-Көл көлүнүн түштүк жээгинде «Бир миллион жылдыз» аттуу боз үй лагери иштеп жатат. Бул үй-бүлөлүк ишкананын максаты — кыргыз элинин көчмөн маданиятын заманбап экологиялык стандарттар менен айкалыштырып, туруктуу туризмди өнүктүрүү.
Региондогу туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болушу, электр энергиясынын үзгүлтүктөрү жана инфраструктуралык тоскоолдуктар лагердин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип келген. Бул маселени чечүү үчүн KyrSEFF жашыл экономиканы каржылоо программасынын алкагында жана Компаньон банкынын каржылык колдоосу менен кубаттуулугу 6,5 кВт болгон күн панелдери жана аккумулятордук сактагычы бар автономдуу күн энергиясы системасы орнотулду.

“Бир миллион жылдыз” боз үй лагери
Бул система лагерди сутка бою туруктуу жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Натыйжада, лагерь толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду.
Учурда лагерь 10 боз үйдөн турат: 8 коноктор үчүн, ошондой эле ашкана, ресторан, мончо, ажаткана жана ысык суу менен камсыздалган душ бөлмөлөрү иштеп жатат. Лагерь муздук суусун пайдаланат, тазалоо курулмалары орнотулган.
Интернет байланышын камсыздоо максатында Starlink системасы орнотулуп, ал туристтерге жана кызматкерлерге туруктуу интернет кызматын сунуштоодо. Бул чечим чет элдик туристтер, иш менен алек саякатчылар жана туристтик операторлор үчүн маанилүү болуп, лагерьди эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзүүдө.
Лагерь 2025-жылдын 9-июнунда ишин расмий түрдө баштап, Франция, Германия, Таиланд, Украина, Россия жана Кыргызстандан келген туристтерди кабыл алды. Тамак-аш боюнча улуттук жана вегетариандык рацион сунушталат, ал эми меню кардарлардын өзгөчө талаптарын эске алуу менен түзүлөт.
«Биз ыкчам көрсөтүлгөн колдоо үчүн абдан ыраазыбыз: Компаньон банкынын насыясын тез арада ала алдык. Эми бул жөн гана лагерь эмес — бул туруктуу туристтик объект. Мындай бийиктикте үзгүлтүксүз электр энергиясы — бул люкс эмес, бул зарылчылык. Келген коноктор өзүн батирдегидей ыңгайлуу сезишет, бирок ошол эле учурда жапайы жаратылыштын ичинде болушат. Биз табиятты сактап, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүп жатабыз», — деп бөлүштү лагердин ээси Мухаммед-Аалы Курманбеков.

Боз үй лагеринин ээси Мухаммед-Аалы Курманбеков жубайы менен
Күн энергиясы станциясынын орнотулушу жылына болжол менен 0,51 тонна көмүр кычкыл газынын атмосферага бөлүнүшүнүн алдын алууга шарт түзөт. Энергияны үнөмдөө көрсөткүчү — 100 пайыз. Инвестициянын жөнөкөй өзүн актоо мөөнөтү — 6 жылдан аз, ал эми сапаттуу тейлөө кызматы аркылуу кошумча киреше түшүүдө.

Кубаттуулугу 6,5 кВт болгон күн станциясы
«Бир миллион жылдыз» лагери — экологиялык жана экономикалык принциптерге негизделген туруктуу туризмдин ийгиликтүү мисалы. KyrSEFF программасы мындай демилгелерди колдоону улантып, климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу, аймактык өнүгүү жана чакан бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүп келет.
Бул программа Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕБРР) колдоосу менен ишке ашырылууда.