KyrSEFF насыясынын жардамы менен Binteq Group компаниясы жашыл технологияларды ишке киргизип, көмүр кычкыл газынын изин азайтты.
Суу кайрадан жаралган жер.
Бүгүн биз 2010-жылдан бери тазалоочу курулмаларды сатуу менен иштеп келе жаткан Кыргызстандагы кардарыбыз – Binteq Group компаниясынын ийгилик тарыхы жөнүндө айтып бермекчибиз.
Башында ишкананын кеңсеси Бишкек шаарында жайгашып, өндүрүш цехи Ново-Покровка айылында турган. Бул кызматкерлер үчүн бир топ ыңгайсыздык жараткан.
Натыйжада логистиканы жакшыртуу жана иштин жүрүшүн ылайыкташтыруу максатында кеңсе менен цехти бир жерге жайгаштыруу чечими кабыл алынган.
Binteq Group компаниясынын башкы директору Мырза Медербеков билдиргендей, 2024-жылы компания Банк Компаньон KyrSEFF программасына кайрылып, заманбап стандарттарга жооп берген энергияны үнөмдөөчү имарат куруу үчүн жеңилдетилген каржылоого ээ болгон.
Программанын алкагында төмөнкүдөй “жашыл” технологиялар колдонууга киргизилген:
– кубаттуулугу15 кВт/с күн станциясы, энергияга үнөмдүү терезелер, имараттарды жылуулоо.
Жетишилген натыйжалар:
• Энергияны үнөмдөө: жылына 25,5 МВт
* CO₂ бөлүп чыгарууну кыскартуу: жылына 2,39 тонна
«Биз саркынды сууларды тазалоо боюнча заманбап чечимдер таза экология чөйрөсүнө өтүүгө шарт түзөрүнө ишенебиз. Ал эми инновациялар жана жогорку өндүрүмдүүлүк бизге жашыл экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. KyrSEFF программасынын кардары катары биз бул багытта ишенимдүү кадам жасап жатабыз жана баардыгына жеңилдетилген каржылоону колдонууга кеңеш беребиз», — деп белгиледи Мырза Медербеков.
KyrSEFF программасын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) колдойт.