KyrSEFF кредитинин жардамы менен "Тадж Махал" бизнес борбору жана мейманканасында энергияны үнөмдөгөн жабдуулар орнотулду.
Тажиниса Абдурасулова – Кыргыз Республикасына эмгек сиӊирген экономист, өмүр бою Ош шаарында бизнес чөйрөдө иштеп келген. Ал 2023-жылы түштүк борбордогу эки кабаттуу эски «Тадж Махал» мейманканасын реновация кылууну чечкен.
Тажиниса Абдурасулова Ош шаарында бизнес-борбор жана мейманкана катары пландалган жети кабат жаӊы имаратты куруу үчүн архитектуралык документтерди даярдоого киришкен кезде олуттуу көйгөйгө дуушар болду – ЖЭБ ал объектини жылуулук менен камсыз кылуудан баш тартты. Бул жылытуу үчүн альтернативдүү чечимдерди издей баштоого түрткү болду.
Тажиниса Абдурасулова
Ошондо Демирбанкка насыя сурап кайрылган Тажиниса Абдурасулова Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы колдогон KyrSEFF – Кыргызстандагы жашыл экономиканы каржылоо программасы жөнүндө билген. Ошол учурда банкта программа боюнча кызматкерлерди окутуу жүрүп жаткан эле, бул көптөгөн суроолорго кеӊири жооп алууга мүмкүндүк берди.
Ишкер айым ошол эле түштүк борбордо KyrSEFF программасынын консультанты Нурлан Ирисов менен таанышкан, ал көз карандысыз жылытуу тутумунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеӊири айтып берген. Андан соӊ Оштогу энергияга үнөмдүү технологиялар ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор көрсөтүлгөн. Ал иштердин натыйжасына таасирленген Тажиниса Абдурасулова программага катышууну чечкен.
“Тадж Махал” бизнес-борборун жана мейманканасын куруу долбоору 2023-жылы иштеле баштаган. Имаратта төмөнкүлөр каралган болчу:
“Тадж Махал” мейманканасы 1994-жылдан бери иштеп келген. Бирок имарат эскирген себептүү аны толук бузуп, ордуна заманбап талаптарга ылайык келген жаӊы коммерциялык объект курууну чечишкен.
2023-жылы ноябрда жабдууларды монтаждоо иштери толук аяктады, салтанаттуу ачылыш күнү объект көз карандысыз жылытуу менен 100% камсыз болду. Майрамдык иш-чарага мэриянын, архитектуранын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Имаратта KyrSEFF жардамы менен төмөнкүдөй энергия үнөмдөөчү чечимдер ишке ашырылган:
✅ 300 кВт кубаттуулуктагы жылуулук насосун орнотуу
✅ дубалдарды, полды жана шыбын жылуулоо
✅ энергияга үнөмдүү жарыктандыруу
✅ панорамалуу энергияга үнөмдүү терезе
«Ошко келгендер дү йнө кереметтеринин бири болуп саналган «Тадж Махал» атындагы конок үйдү жакшы билет. Андыктан биздин жаӊы имаратта кардарлар көп болот деп үмүттөнөбүз. Жайлуулук жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн биз бардык варианттарды караштырдык жана эми биз суук менен ысыктан коркпойбуз. Желдетүү системасы толук орнотулду – бул баасы кымбат жана узак мөөнөткө эсептелген салым болду», — деди Тажиниса Абдурасулова.
Долбоор ЕРӨБ жана KyrSEFF катышуусу менен каржыланды, ал эми программа бардык баскычтарда кесипкөй колдоосун көрсөттү. Андыктан бизнестин ээси өзгөчө электр энергиясы тартыш шарттарда энергияга үнөмдүү технологияларды пайдалануу – Кыргызстандын келечеги деп ишенет.
Долбоордун жыйынтыгында жылына 418,52 МВт өлчөмүндөгү баштапкы энергияны үнөмдөөгө жана жылына 89,95 тонна CO2 бөлүп чыгарууну кыскартууга мүмкүн болду.
«Ар бир ишкер ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышы керек. Эӊ башкысы – иштин көзүн билүү жана иш-чараларга активдүү катышуу, KyrSEFF жаӊылыктарына көз салуу жана кесипкөй консультация алуу керек», — деп кеӊеш берди Тажиниса Абдурасулова.
KyrSEFF программасынын колдоосу менен “Тадж Махал” жаӊы бизнес-борбору жана мейманканасы Кыргызстандагы энергияга үнөмдүү курулуштун жана экологиялык туруктуу бизнестин үлгүсү болуп калды.