enruky

KyrSEFF ийгилик баяны.Кемин шаарынын тургуну чоң жана жылуу ашкана тууралуу кыялын ишке ашырды

Инвестор
Гүлзат Исмаилова
Жайгашкан жер
Кемин ш, Кыргызстан
Инвестиция
Дубал, пол, чатыр, холодильник, кондиционер
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 15% түзөт
Энергияны үнөмдөө
жылына 22 МВт/с
CO2 үнөмдөө
11 тонн жылына
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

KyrSEFF насыясынын аркасында Гүлзат Исмаилова үйүн жылуулап тим болбостон, энергия керектөө классындагы тиричилик техникасын да сатып алды.

Кеминдин жашоочусу Гүлзат Исмаилова, көп жылдар бою өзүнүн чоң үй-бүлөсү бирге чогулгудай кенен ашкананы кыялданып келген. Ал мурдагы ашканасы абдан кичинекей болгонун жана баары батыша албаганын, ал эми кышында суук болгонун эстейт.

Былтыр Гүлзат эже жолдошу менен кеңешип, жаңы ашкана курууну чечет. Ал ушул максат менен Компаньон Банкка жана KyrSEFF Программасына кредит алууга кайрылган. Ал жактан өзүнүн жана жолдошу Мыктыбек Артыкбаевдин атынан эки кредит алышкан.

Алынган каражаттарга полу жылууланган жана А+ классындагы энергияга үнөмдүү кондиционер жана муздаткыч сыяктуу тиринчилик техникалары коюлган ашкана курулган. Гүлзат эже өткөн кышта жаңы ашканада абдан жылуу болгонун айтып берди. Кондиционердин жана жылуу полдун жардамы менен бөлмө ичиндеги температура +25°C чейин жеткен. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү мындай жайлуу шарттарга абдан ыраазы болушту.

Мындан тышкары, курулуп жаткан конок үйдүн шыбын жана тышкы дубалдарын жылуулоого дагы KyrSEFF программасынын алкагында кредит берилген. Жубайлар буга чейин энергия натыйжалуу чараларды ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн биринчи грантын алышкан.

Натыйжада жалпы энергия үнөмдөө 22 МВт түздү, ал эми CO2 бөлүп чыгаруу – 11 тоннадан ашык көлөмгө кыскарды.

Ушул чараларды ишке ашыруу үчүн кредиттин суммасынын 15% чейин грант берилиши мүмкүн.KyrSEFF программасы ЕРӨБ – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылууда.