KyrSEFF насыясынын жардамы менен Нурбек Абдиев жаңы үйдүн полун жылуулады. Бул анын программага үчүнчү арызы. Буга чейин эки жолу грант алган.
Кемин шаарынын тургуну Нурбек Абдиев көптөн бери KyrSEFF кардары болуп саналат. Ал мурда Компаньон Банктан өзүнүн эски үйүнүн дубалдарын пеноплекс менен жылуулоо үчүн 2 жолу кредит алган жана анын натыйжасына абдан ыраазы.
Жакында эле Нурбек Абдиев аянты 240 чарчы м жеткен эки кабат жаңы үй курду. Ал полун жылуулоо үчүн Компаньон Банкка KyrSEFF программасы боюнча берилүүчү насыяга кайрылды. Ал сураган кредит жактырылды жана пол пеносплекс менен жылууланып, үстүнөн ламинат менен жабылды.
Эми Нурбек Абдиевдин айтымында, үйдө дайыма жагымдуу температура сакталып турат, бут эч качан үшүбөйт. Таман алдынан чыккан жылуулук бүткүл үйгө таралат жана ошол эле учурда энергиясын үнөмдөө жүрөт. Жылуулоодон кийин полго жылуу полдор жана батареялар орнотулган.
«Мында абдан жылуу, кышында жайкы кийимчен жүрөбүз. Биздин үйдө улгайган адам жашайт, ал үчүн 22-23 градус туруктуу температура керек, ошондуктан таман алдыбызды жылууладык. Экинчи кабат 120 чарчы метр аянтты ээлейт, электр энергиясын сактоо жана үнөмдөө үчүн аны дагы жылуулоо керек болду. Санитардык бөлмөлөрдө да жылуу пол бар», – деп Нурбек Абдиев айтып берди.
Электр энергиясын үнөмдөө: 7.31 мВт
СО2 бөлүп чыгарууну кыскартуу: 4.4 тонна
«Жылуулоого кредит алуу мүмкүнчүлүгү жана каражаттарды грант түрүндө кайтарып бергени үчүн KyrSEFF программасына рахмат. Бул кардарлар үчүн абдан ыңгайлуу жана экономикалык жактан пайдалуу. Компаньон Банкка дагы рахмат, эки жолу грант алдым, үйдү толук жылуулоо үчүн үчүнчүсүн алам деп үмүттөнөм. Быйыл үйдү сыртынан жылуулоону ойлоп турам, андан турак жай жылуу жана кооз болуп калат», – деп ой бөлүштү Нурбек Абдиев.
Грант насыянын жалпы суммасынын 15% чейинки бөлүгүн түзүшү мүмкүн.