enruky

Электр энергиясын 2 эсе үнөмдөө үчүн Бишкекте үйлөрдү жылуулоо.

Инвестор
Жумадил Шамыралиев
Жайгашкан жер
Бишкек ш, Кыргызстан
Инвестиция
Дубал, пол, чатыр, терезелер
Финансылык натыйжалар
гранттык бөлүк кредиттин жалпы суммасынын 15% түзөт
Энергияны үнөмдөө
жылына 33 МВт/с
CO2 үнөмдөө
жылына 20 тонна
Донор
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк (ЕРӨБ)

Жумадил Шамыралиев насыянын жардамы менен эски терезелерди беш камералуу энергияга үнөмдүү терезелерге алмаштырган, шыпты калыӊдыгы базальт буласы менен жылуулаган жана дубалдарды жылуулагыч материал менен каптаган.Жылуулук үчүн жарым эсе - 6500 сомго чейин төлөйт, мурда айына 12500 сом коротчу.

Жылуу жана ыӊгайлуу үйдө жашоону, коммуналдык төлөмдөрдөн үнөмдөөнү жана курчап турган чөйрөгө зыянды азайтууга салым кошууну каалайсызбы? Анда энергия жана ресурс үнөмдөгөн долбоорлорго пайдалуу насыяларды жана гранттарды сунуштаган KyrSEFF – Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасына кайрылыӊыз.

Биздин кардар – 79 жаштагы Жумадил Шамыралиев, Бишкектеги эки кабат үйүн KyrSEFF жардамы менен кантип жакшыртканын айтып берди. Аянты 120 чарчы м. турак жай 90-жылдары курулган жана тез арада жаӊылоого муктаж эле, анткени суук жана энергияга үнөмсүз болчу. Ошондуктан Жумадил Шамыралиев үй-бүлөсү менен Компаньон Банкка кайрылган жана аларга энергияны үнөмдоочү чараларды ишке ашыруу үчүн грант коштогон кредит алууга болорун түшүндүрүшкөн.

Жумадил Шамыралиев насыянын жардамы менен эски терезелерди беш камералуу энергияга үнөмдүү терезелерге алмаштырган, шыпты калыӊдыгы 15 см базальт буласы менен жылуулаган жана дубалдарды жылуулагыч материал менен каптаган. Үйдү жылуулоо боюнча бардык сунуштар KyrSEFF инженерлери тарабынан берилген. Жумадил Шамыралиев ушул чаралардын таасири менен үйдөгү жайлуулукту жана жылуулукту жогорулатып, жылытуу жана электр үчүн чыгымдарды төмөндөттү. Ал жылытуу үчүн эки эсе аз төлөй баштаганын айтып берди, мурда айына 12 500 сом төлөп келсе, азыр – 6000-6500 сом төлөп калды.

Электр энергиясын үнөмдөө – жылына 33 МВт-с. түздү.
СО2 бөлүп чыгарууну кыскартуу – жылына 20 тоннага барабар.

Биздин кардар Жумадил Шамыралиев иштин натыйжасына ыраазы жана жакындары менен жылуу жана жайлуу үйдө жыргап жашап жатканына кубанычтабыз.