KyrSEFF командасы бүгүн, 2023-ж. 16-ноябрда абдан маанилүү окуя болгон «Жашыл экономика 2023» улуттук форумуна катышты, иш-чара Бишкек ш. «Дасмия энтокомплексинде уюштурулган.
Форум алкагында «Жашыл энергетика» пленардык сессиясы болду, анда KyrSEFF программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова сөз сүйлөдү.
Нурзат Абдырасулова туруктуу өнүгүүнүн зарылдыгы жана экологиялык кризистин көйгөйлөрүн жеӊүү жөнүндө маанилүү маселелерди көтөрдү. Ал ушул максаттарга жетишүүдөгү жашыл экономиканын маанисин баса белгиледи жана KyrSEFF ушул жаатта ийгиликтүү ишке ашырган долбоорлордун көптөгөн мисалдарын келтирди.
Мындан тышкары, биздин KyrSEFF стенди «Green Expo 2023» жашыл технологиялар көргөзмөсүнө коюлган.
Көргөзмө программанын бет ачарына жана жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жана экологиялык туруктуулуктун маанилүүлүгүнө кеӊири коомчулуктун көӊүлүн бурууга эӊ сонун мүмкүнчүлүк болуп калды. KyrSEFF инженерлери энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзгөн жашыл технологиялар, жашоонун сапатын жогорулатуу, ийгиликтүү долбоорлор жөнүндө айтып беришти.
KyrSEFF стенди көргөзмөнүн конокторунун жана башка катышуучуларынын чоӊ кызыгуусун жаратты.
Уюштуруучулар: КР Экономика жана коммерция министрлиги “JIA” баш болгон жеке жактар менен тыгыз кызматташтыкта жана өнөктөштөрдүн колдоосунда өткөрдү.