enruky

KyrSEFF III жаңы фазасы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга тиешелүү долбоорлорду колдойт

KyrSEFF III жаңы фазасы энергия натыйжалуулук жана энергия үнөмдөөдөдөн тышкары климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга байланышкан долбоорлорду колдойт. Бул тууралуу 25-майда Программанын менеджери Нурзат Абдырасулова “Жашыл бизнес жана туруктуу каржылоого жеткиликтүүлүк” деген темадагы семинардын жүрүшүндө билдирди.

Семинар BIFF 2023 – Бишкек эл аралык финансы форумунун алкагында өткөрүлдү.

Нурзат Абдырасулованын айтымында, KyrSEFF 3-фазасынын кредиттик линиясынын көлөмү 50 млн АКШ долларын түзөт. Анда карыз алуучулар үчүн гранттык субсидия каралат жана адистердин акысыз техникалык консультациясы менен дагы коштолот.

KyrSEFF жашыл технологиялардын селектору ишке киргизилген, ал алдын ала жактыруудан өткөн жана жашыл каржылоо программасынын алкагында жергиликтүү финансы мекемелеринен ЕРӨБ каржылоосун алууга укук алган жогорку өндүрүмдүү технологияларды/материалдардын эл аралык сайт-каталогу түрүндө чыгарылган.

Мындан тышкары, ЕРӨБ Кыргыз Республикасындагы чакан ишканаларга өндүрүштү жаңылоо, натыйжалуулугун жогорулатуу жана суунун тартыштыгы, топурактын эрозиясы жана деградациясы сыяктуу курч экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү максатында «Компаньон Банк» ЖАК үчүн 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит бөлөт.

2007-жылдан берки ЕРӨБ кардары – «Компаньон Банк» ЖАК – жакында ЕРӨБ жактырган Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикасын каржылоо III механизмине  (KyrSEFF III) кошулган биринчи ата мекендик финансы уюму болуп калды, бул долбоор «жашыл» тармакты жана туруктуу насыялоону өнүктүрүүнү илгерилетүүнү максат кылат.

«Лекарь» компаниясынын башкаруучусу Исламбек Исаев ЕРӨБ жана KyrSEFF менен өнөктөштүк тажрыйбасын бөлүштү. «Бир нече биргелешкен долбоорлор болгон: Ормон Хан коворкинг борборунда энергия натыйжалуу жылуулоо технологиясы колдонулган, «Лекарь» дарыканалар тармагында күн панелдери орнотулган, бул өзгөчө электр энергиясы өчүрүлгөн мезгилдерде бизнес процесттерди жакшыртууга мүмкүндүк берди. Азыр жаңы кампа курулуп жатат», — деди ал.

BIFF 2023 форуму «Технологиялар, мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу өнүгүү» тематикасынын алкагында өттү. Глобалдык тренддерге байланыштуу туруктуу жана жашыл каржылоо маселелери активдүү талкууланды. Иш-чара быйыл 8-жолу өткөрүлүп жатат.