Компаньон Банк менен бирге бүткүл Кыргызстанды камтыдык. GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) III окутуу тренингдери банктын бардык аймактык бөлүмдөрүндө аяктады.
12-июндан 18-июнга чейинки өткөн жума аралыгында GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) инженерлери өлкөнүн бардык облустарынын кредит адистери чогулган Балыкчы, Жалал-Абад, Ош филиалдарында, Бишкек ш. башкы кеӊседе болушту.
Алар GEFF Кыргызстан (KyrSEFF III) III программасынын негизги максаттары жана милдеттери менен таанышышты жана мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдиришти.