enruky

Кыргызстандын финансылык рыногу үчүн «Жашыл» насыялоо

12-июнда Kompanion Bank тармагында KyrSEFF III программасынын алкагында тренингдер сериясы башталды. Банктын аймактык филиалдардын жетекчилери жана кредит адистери Кыргызстандагы жашыл экономиканы каржылоо программасы KyrSEFF III жөнүӊдө жалпы маалымат менен тааныштырылды.

Жаңы фаза төмөнкү секторлорду камтылмакчы:

KyrSEFF кредиттери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы камсыздаган 15 пайызга чейинки гранттар менен колдоого алынат жана Юнисон Групп инженерлеринин консультация түрүндөгү акысыз техникалык колдоосу менен коштолот. KyrSEFF III менеджери Нурзат Абдырасулова банкирлерге Программаны бүткүл Кыргызстандын аймагы боюнча ишке ашыруунун көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбасы, ошондой эле алдыда турган 5 жыл ичиндеги вектордук өнүгүүнүн келечеги жөнүндө айтып берди.

Инженерлер Салават Соронбаев жана Жаныбек Кулумбетов энергия үнөмдөөнүн жеке жана бизнес-секторлор үчүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти. Алар «Компаньон Банктын» кызматкерлерине Жашыл технологиялар селектору жөнүндө да айтып беришти. Мындан тышкары, карыз алуучуларга техникалык талаптар жана башка уюштуруу маселелери талкууланды. Эске салсак, «Компаньон Банк» Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы иштеп чыккан KyrSEFF III программасына кошулган Кыргызстандагы биринчи финансы уюму болуп калды. Банк  өнөктөштүк алкагында жашыл насыялоону өнүктүрүү үчүн $5 млн өлчөмүндө кредит алат.