GEFF Кыргызстан жашыл экономиканы каржылоо программасы Кыргызстанда жеке жактардын үйлөрүндө ыӊгайлуулукту жакшыртууга, ошондой эле бизнес-сектор үчүн жогорку натыйжалуу технологиялардын жана практикалардын жардамы менен алардын атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатууга каржылоо жана консультация берет.
Жашыл экономика – бул энергияны жана сууну өндүрүштүк ишке жана керектөөгө пайдаланууну азайтууга жана курчап турган чөйрө менен климатка терс таасирлерди төмөндөтүүгө алып келген экономика.
GEFF программасы «жашыл технологияларга» инвестиция салууну каржылоо менен ушул өткөөл процессти колдойт, атап айтканда:
GEFF программасы менен макулдашууга ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жергиликтүү катышуучу финансы мекемелерине андан ары жеке карыз алуучуларды насыялоо үчүн кредит берет. Бул каражаттар климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жумшартууга жана аларга ыӊгайлашууга жана ЕРӨБ жашыл экономикага өтүү ыкмаларына – парник газдарын бөлүп чыгарууну кыскартуу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү стратегияга ылайык пайдаланылат.
GEFF Кыргызстанда адистешкен консультанттар командасы, анын ичинде, инженерия, айлана-чөйрө, финансы жана марткетинг жаатындагы KyrSEFF III эксперттери тарабынан колдоого алынат, алар өз тармагындагы мыкты технологияларды пайдалануу аркылуу жашыл долбоордун бүткүл функционалдык жүрүшүндө жергиликтүү катышуучу финансы мекемелерине жана алардын кардарларына түздөн-түз колдоо жана консультацияларды сунуштайт. Кардарлар үчүн техникалык жардам топтому акысыз көрсөтүлөт.
GEFF кыргыз командасы (KyrSEFF III) компанияларга долбоорлорду иштеп чыгуу, инвестицияларды баалоо жана долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарында жардам берүү менен техникалык колдоо көрсөтөт. Бул эӊ ылайыктуу чечимдерди аныктоого жардам берет жана сапатка басым жасаган «жашыл» экономика долбоорлорун ийгиликтүү каржылоону камсыздайт.
GEFF талаптарына жооп берген инвестициялар жөнүндө билүү үчүн ушул жерди басыӊыз.
Критерийлерге ылайык келүү
Эгерде сиздерде кандайдыр бир суроолор болсо, GEFF колдоо кызматына кайрылыӊыздар.